Сен бар үчүн өмүрдө дүйнө нурданат
Жылмайуңдан жан эркем жашоо уланат
Айталбаймын а бирок сезимдеримдин
Көрсөм эле көзүм ток жүрөк кубанат
Наздыгына арбалып менин журөгүм
Кыялымда сени менен бирге жүрөмүн
Күлүм сүрүп күлгөнүң да мага байкалат
Сезип жүрөм сен да менин сүйүүп жүргөнүн

Кайырма:

Айдайым бийкеч
Күндөйүм бийкеч
Махабатым эч убакта келбесинчи кеч
Асылым бийкеч
Ашыгым бийкеч
Ак сүйүүң эч убакта келбесинчи кеч

Чакырайын ашыгым келчи жаныма
Өмүрдөгү мен күткөн сүйүү багыма
Жашыра албай барамын махабатымды
Айта албастан каламын сени сагына
Наздыгына арбалып менин жүрөгүм
Кыялымда сени менен бирге жүрөмүн
Күлүм сүрүп күлгөнүн да мага байкалат
Сезип жүрөм сен да мени сүйүүп жүргөнүң

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *