Датасы: 12.01.2025
Формат: mp3

Асылзатым, азабым да жыргалым,

Сенсиз билбейм, кандай өтмөк жылдарым.

Салып алдың, өзүң билген бир күүгө,

Чертип жүрүп жүрөгүмдүн кылдарын.


Кайырма:

Жүрөктө жаз, көчөдө жаз, үйдө жаз,

Кемибеген, кебелбеген дүйнө мас.

Ишен, жаным көкүрөктө от жалын,

Жер жүзүндө мендей болуп сүйгөн аз

Көңүл эргип, колдон сыям кургабай,

Андан бери өттү жылдар бир далай.

Кагып-согуп жатса дагы бул турмуш,

Келе атабыз сезимдерди булгабай.


Жароокерим, жыргалым да азабым,

Капилеттен түшкөн эле назарым.

Баштап алып, ошол күндөн, ушул түн,

Бүтпөй келет, бүтпөйт сүйүү казалы.

Один комментарий к “Элера Кабылжан кызы — Жүрөктө жаз тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *