Датасы: 24.11.2022
Формат: mp3

Оо, анда көктөм эле, көктөм эле,
Жаңы эле жаз жамгыры төккөн эле.
Капкара карагаттай көзүң менен,
Карадың кирпик какпай көпкө неге?

Кайырма:

Сейилдеп бакта жүрсөк айта албадым,
Сен ошол көз карашты байкабадың.
Мээримиң төгүп турсаң көз нуруңан,
Мен неге байкабадым, байкабадым?

Болгондур байкабастык тагдырымда,
Тагдырдын тайыздык же тардыгында.
Сезимде от тутантып да карасаң,
Сен үчүн кечер элем бардыгынан.

Кайырма:

Негедир ошол жазды эстей берем,
Эстейм да, андай жазга мен жетпей келем.
Алиги сеникиндей көз карашты,
Аттиң ай, мен эч кимден сезбей келем.

Один комментарий к “Элиза Абдраева — Көктөм эле тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *