Датасы: 16.12.2021
Формат: mp3

Аллахым жокту бар кылып бизди жаратты
Көрүүчү затсың угуучу билүүчү затсың
Жашоодо биз жасап каталык
Сыноону билбей сезбей жашадык
Кечиримдүүсүң кечиргин бизди
Билип билбестен күнөө жасадык

Кайырма:

Намазың жок канча таң аткан
Өмүр болсо өтүп бараткан
Нафсибизди жеңер күч берип
Өзүң сакта бизди жараткан
Периштелер уксун жакшысын
Белек кылчы бейиш ачкычын
Ар адамга насип кыла көр
Эки дүйнөнүн тең бактысын

Аллахым бизди сынайсың эки жол турат
Бир жолдо азап бир жолдо бакыт кол сунат
Алдыңа биз барарыбыз чын аягы келсе сапарыбыздын
Амалга карап азап тозокто
Аллахым жалгыз сактарыбызсың

Один комментарий к “Элизабетта Мусабековна — Аллах тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *