Элмирбек Иманалиев — Билесиңби тексти

Көчүрүү (скачать)

Сөзү : Олжобай Шакирдики
Обону : Э. Иманалиевдики
Мен сендик элем, кучагым кенен,
Жүрөгүм тушта жүрөгүң менен,
Меники болуп сезилчү денең.
Кездешкис болуп узадык эле,
Мен өпкөн бойдон, сен өпкөн бойдон.
Кездешпейт азыр бир ошол дене,
Мен өткөн жолдон, сен өткөн жолдон.

Саргайган күздө санаа жок жүздө,
Телегей тегиз шуруңдай тизме,
Түбөлүк болуп сезилчү бизге.
Телмирип тиктейм тетиги, жаным,
Сен сүйгөн айды, мен сүйгөн айды.
Сезимтал элең сезерсиң дайым,
Сен тарткан кайгы, мен тарткан кайгы.

Телмирип тиктейм тетиги, жаным,
Сен сүйгөн айды, мен сүйгөн айды.
Сезимтал элең сезерсиң дайым,
Сен тарткан кайгы, ал мен тарткан кайгы.

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти595
Нурмат Садыров - Жүрөктө Менин Арманым тексти297
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти62
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти52
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти27
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти25
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти19
Cүйүү керемет тексти жана mp313
Самара Каримова - Менин атам жакшы адам тексти8
Гүлжигит Сатыбеков. Кара каш тексти жана mp36