Унчукпайм, сүйүүм катып жүрөгүмө,
Ашыгам ичтен сызып мен өзүңө.
Табыштың акыры сен башка менен,
Табышмаксың азыр деле бир өзүмө.
Сени эстейм, өзүм менен сырдашып,
Мүнөзүмдү арылбаган муң баса.
Сагынычтын күйүтүнө чыдабай,
Айлам жок ак баракка ыр жазам.
Канча сүйүү жылдары өттү кат менен,
Кечирип кой менден кетсе, жаш белем.
Анты бекем өчтү сүйүү мөлтүрөп,
Көздөн тамган жалгыз тамчы жаш менен.
Эльзар Өскөнбаева — Кечиккен махабат тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 1161
Ото соонун