Датасы: 19.07.2024
Формат: mp3

Ортосунда сүйүү деңиздин

Түбөлүккө сүйөм дегиздиң

Окшоштуруп таптым мен сени

Жалгыз жүрөгүмө эгизсиң

Жан шеригим менин ардагым

Мен да сага сүйүүм арнадым

Бакытым деп тандап өзүңдү

Тагдырымды сага байладым

Кайырма

Өзүң болдуң бул жашоомдун манызы

Өмүрүмө үмүт отун тамызып

Өзүң болдун махабатым,жалгызым

Жалгызым менин жалгызым

Ай чырайым,периштедейим

Колум сунуп колуңа сенин

Жетелешип бирге өтөйүн

Өмүрүмдүн сонуна чейин

Жүрөгүмдө калдың жай алып

Ишенгеним сенсиң таянып

Сен жөнүндө күндө айтсам да

Түгөнбөсүн сүйүү баяным

Кайырма

Өзүң болдуң бул жашоомдун манызы

Өмүрүмө үмүт отун тамызып

Өзүң болдун махабатым,жалгызым

Жалгызым менин жалгызым

Один комментарий к “Эльзар Тиленбаев & Айгерим Эшим — Жалгызым тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *