Курсагың токпу балам
Маанайың жокпу балам
Деген апамдын созүнөн
Артыгы жоктур мага
Жылуу кийинчи балам
Ооруба кагылайын
Деген жылуу сөзү жок
Бул дүйнө боштур мага.
Балам деп санаа бойлоп
Түйшүгүм ала койгон
Бир нерсе көрүп калса
Балама деп ала койгон
Чоноюп эр жетсем да
Мен сизге эркелеген
Баягы кичинекей
Калганмын бала бойдон
Апакебай, артыгым жанымдан да
Апакебай, ажарлуу баарынан да
Апакебай, периштем
Апапакай жоолугун салынганда…
Колумдан гана келбейт, колумдан келсе эгер
Узун жолун өмүрдүн өткөрбөй тосор элем
Жалындаган жаштыгың, мезгилди артка кайрып
Апаке белек кылып, сизге арнап коёр элем
Колумдан гана келбейт, таппаймын амалымды
Ак бастырбайт болчумун, капкара саамайыңды
Бырыштардан бекитип, мен коргоп жүрөр элем
Бир өмүр сызыгы жок, жаркытып маңдайыңды