Кайырма:
Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели,
Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели.
Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө,
Тагдырдын бул белеги — сүйүүгө кезек берели.
Жалгыздык күндөр өттү,
Жаралап канча жүдөттү?
Таалайыма ыраазымын,
Табыштырган биздин жүрөктү.
Ай өттү, жылдар өттү,
Издеп жүрүп сендей чүрөктү.
Жолуктуң күз мезгилде,
Бакытка салып жүрөктү.
Кайырма:
Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели,
Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели.
Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө,
Тагдырдын бул белеги — сүйүүгө кезек берели,
Махабатка сөз берели.
Күтүүдөн карек талды,
Ал күндөр алыста калды.
Көңүл кушум таап сизди,
Үмүт отум бир көрүп жанды.
Эркелеп маралдайым,
Жанымда болчу ар дайым.
Жете албай бул жашоодон,
Арманда өтүп калбайын.
Эмил Балтагулов — Махабат дастаны тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 743