Аткаруучу: Emir AGA, Kaibar
Сенин көздөрүң дары
Бир карасаң, унутамын баарын
Сөздөрүң таза тоонун балындай
Суудай эле жай бара жатам агып
Чынында эле көз карашың дары
Дароо унуттурган баарын
Сага умтуламын, жаным
Сенсиң самаганым
Болдуң го күндө эңсеткен
Нуруң менен муздарды ээриткен
Биз бүтүндөйбүз, бөлүнбөйбүз экиге
Көңүлүм сенде, бербейм эч кимге
Сени менен агарып
Күн батып да, таң атып
Койнумда уктап калсаң
Көз албай суктанып
Сага кереги жок жагынып
Маскаларды тагынып
Жалгыз өзүң — дартыма дары
Жүрө берчи күндөн күнгө гүлдөй ачылып
Жанымда
Жайымда салкыным
Жылуулук кышында
Жашоонун ырахаты бар сенин жытыңда
Оор күндөрүмдүн соңунда
Сүйүнүп барыңа
Шашылам сага гана
Кайырма:
Сенин көздөрүң дары
Бир карасаң, унутамын баарын
Сөздөрүң таза тоонун балындай
Суудай эле жай бара жатам агып
Чынында эле көз карашың дары
Дароо унуттурган баарын
Сага умтуламын, жаным
Сенсиң самаганым
Бир сенин жылмаюуң — менин дартыма шыпаа
Ырахатка мени малып кеткенге шашылба
Жакшы ырга айлансын экөөбүздүн сырлар
Ак сүйүүмдү ачык айтам, сен дагы жашырба
Биргеликте махабаттын баянын биз жазалы
Чогуу алып бул жашоонун бизге берген сабагын
Билем, келет оор күндөр, начар болот абалым
Мени колдоп турсаң эле, амал издеп табамын
Жараткан берсе, жумшап болгон күч-кубатты
Салам кенен үйдү, отургузам бакты
Көп бала төрөп берип, буюрса келер чакта
Үйдүн шамына айлан, түбөлүккө бактым
Дүнүйөдө, акыретте
Кече, бүгүн жана эртең
Ар бир агарып аткан таң
Кызарып баткан күн өтсө дейм сени менен
Кайырма:
Сенин көздөрүң дары
Бир карасаң, унутамын баарын
Сөздөрүң таза тоонун балындай
Суудай эле жай бара жатам агып
Чынында эле көз карашың дары
Дароо унуттурган баарын
Сага умтуламын, жаным
Сенсиң самаганым
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.