Аял менен эркек алгач жаратылганда күчтөрү бирдей болуптур. Мындан улам күрөшө кетишсе же мушташып калышса дайыма тең-тең чыгышчу экен.

Бир ирет эркектин башына мындай бир пенделик ой келет: “Барып Кудай менен сүйлөшүп көрөйүнчү. Болбосо аял менен алышып жүрүп чарчадым. Балким, Жаратканым мен суранганда ак көңүлү кармап турган болсо, алымды аялдыкынан ашыгыраак кылып берер…”

Ушундай үмүт менен асманга көтөрүлгөн ал Кудайдын алдында колун бооруна алып суранат:

— Жаратканым, сен ааламды аңтарып, күндү көңтөрүп жибергидей кудуреттүүсүң. Анан да абдан ак көңүл, адилеттүүсүң. Аял экөөбүздүн өз ара ыркыбыз келишпей, ынтымаксыз жашап келатканыбыздын себеби: күчүбүздүн бирдей экендигинен улам экенин өзүң жакшы билесиң. Качан гана аял экөөбүз бири-бирибизге баш ийгенибизде — үйүбүздө тынчтык болот. Ошон үчүн мага аялдыкынан көбүрөк күч бер, мен аялды баш ийдирип, үйгө тынчтык орнотоюн. Аялдыкынан кичине эле көбүрөк күчүм болсо, дүйнөгө көп жакшылык алып келет элем!

— Болуптур, мындан ары аялга караганда күчтүүрөк болосуң, бара бер, — дейт Кудай.

Эркек сүйүнгөн бойдон үйүнө кайтып келери менен аялды көмөлөтө коюп, буйрук бере сүйлөйт:

— Эй катын, мындан кийин мен сенин кожоюнуңмун! Айтканды айткандай аткарып жүр, болбосо менден бирди көрөсүң. Анткени Кудай мага сенин үстүңөн башкарар бийликти да, күчтү да берди. Демек мен сенин кожоюнуңмун!

Буга ишене бербеген аял каяшаны кабаттап айтканы аз келгенсип, адатынча эркекти качырып сала берди, бирок күйөөсү анын дароо эле көзүн көгөртө коюп, оңой эле төпөштөп салды. Ошондо гана аял эркектин чындап эле Кудайдын кудурети менен күчтүү болуп кеткенин түшүнүп, Ага арыздангыча таарынычын айтканы жөнөйт. Бирок аялды уккан Кудай:

— Бири-бириңерге баш ийип жашабасаңар ортоңордо ынтымак болгудай эмес. Ошон үчүн ага күч кошуп бердим. Мындан кийин күйөөңдү угуп, айтканын аткарып жаша. Бул менин буйругум. Бара бер! – деп жолуна салат.

Аял жолдо ыйлап келатса, алдынан шайтан чыгып эмне болгонун сурайт. Ага болгонун болгондой айтып берет.

— Бул эч нерсе эмес. Күч акылга баш иет. Ошон үчүн күйөөңө караганда акылдуу бол.  Анан да кара күч – тамак-аш, мээрим жана сүйүүдөн демденип турат. Ал эми бул үчөө кайда жакшы сакталат, билесиңби?

Аял билбестигин билдирип башын чайкайт.

— Бул үчөө бир гана үйдө, очок боюнда, жылуу төшөктө жакшы сакталат. Ошондуктан эркек жылуу жана жайлуу үйдө жашап, демденип турбаса анын кара күчү эч нерсеге жарабайт. Түшүндүңбү? Ошон үчүн азыр кайра артка барып Кудайга эркекке бүт дүйнөнү берүүсүн, өзүңө бир гана экөөңөр жашап турган үйдү энчилөөсүн сурангын да, кайтып келип эшикти бекем бекитип жатып ал. Эркек буйрук берсе да, коркутса да ачпа. Жараткан үйдү сага энчилегенден кийин эч нерседен коркпо. Эркек  бүт дүйнөгө ээ болгону менен андан эч кандай жылуулук жана сүйүү таппай айласы кеткенде, айланып келип сага жалдырайт. Ошондо анан аны жумшап албай эмне болупсуң. Андан күчүң аз болгону менен амалдуу болбой жаның жокпу. Жылуу үйүң менен мээримиңди анын кара күчүнө амал менен алмаштыра билсең, эркек сага кызмат кылат. Ошондо анан үйүңөрдө ынтымак жана ырыс-кешик болот, — деп шайтан да бир топ акылын айтып аялды Кудайга жиберет.

Бир аздан кийин аял Кудайдын алдында үйдү өзүнө энчилөөсүн, эркекке  бүт дүйнөнү берүүсүн айтып суранып турат. Жер үстүндө ар бир кылт эткенди туйган Жараткан анын шайтандын акылы менен келгенин кантип билбесин. Бирок бул акыл бир эсептен жүйөөлүү болчу. Андыктан аялдын суранычын аткарып, үйгө ээлик кылууну ага буюрат.

Кудайың кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей күчү көбөйгөнү менен акылы ошол бойдон калган эркек шайтанды кеңешчи кылган аялга байкабай баш ийип берет. Милдеттер ошентип туура бөлүштүрүлгөндөн кийин аял менен эркек көп урушпай, ынтымактуу жашай башташат.

Бир гана Кудай өз акылы менен иш кылып, үйүндө адилет иш жүргүзгөн эркектерди жакшы көрөт экен да, шайтан менен кеңешкен аялды уккан эркектерди жактырбайт имиш.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки44
Алия менен жылкы43
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *