Бир хан илгери таптакыр кыз жактырбай коёт. Күндөрдүн бир күндөрүндө эли жыйылып келип:

– Э, ханым, сиз дүйнөдөн так өтөсүзбү? – дешти.

Анда хан элине:

– Макул, болот, андай болсо менин кол алдымдагы элде канча кыз бар, баарын жыйып келгиле, – деди.

Эли макул болуп туш-тушка ат чаптырышты. Бай, жарды, кедей-камбагалдардын кыздары жыйнала баштады. Он беш менен он жетинин ортосу келсин делип эскертилген эле. Он беш менен он жетинин ортосундагы кыздарын колунан жетелеп, кээ бирөөнүн атасы, кээ бирөөнүн энеси келе беришти. Ошентип, кыздар үч күндө чогулуп бүттү.

– Кыздар жыйылды! – деп, ханга кабар жетти. Акылсыз хан эл ичинде кыздарды бүт көрөмүн деп сүйүнүп кетти.

Кырк вазирин ээрчитип, ордосунан чыгып келип, чогулуп турган кыздарды көрө баштады. Көрүп бүтүп, көпчүлүк элди кабар салып жыйнатты. Эли чогулуп ханга:

– Көңүлүңүзгө кыздардан жактыбы? – дешти.

– Ким жакшы, ким жаман экенин бир көрүп билүү кыйын. Ошон үчүн ким эстүү, ким эссиз экенин билгим келет. Ал үчүн мен бир нерсе сураймын, – деп, хан элине жарыялады. – Эгер ошол сөздү ким тапса, мен ошол кызды аламын, – деди.

Эли бул сөзгө айран-таң калды. Келген кыздардын саны бир миң беш жүз экен.

– Угуп тургула, – деп хан жана айтты. Көпчүлүгүшап турушту. Хан өзүнүн сөзүн айта баштады. – Кең кайсы? Тар кайсы? Ушул эки сөздү тапкан кызды аламын. Мөөнөтү кырк күн, – деди.

– Кыздар чурулдай баштады.

Ата-энеси да үйлөрүнө кетпей, кыздардын жанында турсун, – деп, жарыя кылды хан. Анан үйүнө өзүкирип кетти.

Кыздардын ата-энелери чуулдап-чуркурашты. Эгер бир эле кыз кокус үйүнө кетсе, анын ата-энеси, өзү, үй-мүлкү талана турган болду. Ар он кызга бирин башчы кылып, ошол башчыдан жооп алам деп, вазирлерине катуу тапшырган экен хан. Кыздар талаага жайнап чыга башташты. Хандын буйругу боюнча он кызга бир кыз башчы болуп шайланды.

Күндөн күн өттү, бирок сөздүэч кимиси таба алган жок. Кайгырып, капа болду. Кыздар ыйлады-сыктады. Себеби эч кимиси таппаса, баарынын башы алынат, бирөө тапса баары кутулмак.

Кыздар тура берип аттары ыргайдай, өздөрүторгойдой болду. Бирок эч кимисинин акылы жетип залим хандын оюндагы тар жана кеңди таппады.

Ар бир үч күндө он башы кыздардын тапкандарын ханга келип айтып турду. Ханга келсе деле, бул эмес дейт. Кыздардын заманасы куурулуп, төрт айласын таппай, кара жандарын кайсы жерге катаарын билбей, залим хандын жарлыгынан коркуп, кырк күн, кырк саат турушту.

Он башылар тар деген капчыгай, жыландын ийни, куркулдайдын уясынын оозу, ийненин көзүдеп, дагы ушул сыяктуу бир топ нерселерди айтышты. Эч бирин туура көргөн жок залим хан. Кыздар талаада болсун жана үйдө болсун ыйлап-сыкташат, аларга кошулуп ата-энелери да ыйлап-сыкташат, бирок эч бир кыз эмине тар, эмине кең экенин таба алган жок. Кыздардын күнүкаран болду, өңдөрүнөн азды, кыздарды санаа катуу басты. Эч бир айла таба албай, акыры өлөбүз дешти. Чуркурап муңдуу келин-кыз болуп ыйлашты.

Аңгыча хандан бир жигит келди:

– Кары дебей, жаш дебей, келин дебей, кыз дебей канды көздөй жүргүлө, хан жарлыгын билгиле! – деди ал.

Кыздар ханды көздөй агылышты. Жолдон куурай терген чаар кыз көрүндү. Көйнөгүжок, кийими жок. Бирок орогу бар колунда, көтөргөнүн байкасаң, бир чоң жүк куурай жонунда. Жоолугу жок, жылаң баш, көйнөгүчолок жылаңач. Ага Күлайым барды жакындап, бирок аты үркүп жолободу. Күлайым болбой чаар кызга кеп айтат:

– Атым үркүп жолобой жатат, – деп айтат.

Анда кылчая карап чаар кыз Күлайымды:

– Коё турчу, – деп айтат. Куурайын таштап жонунан, орогун таштап колунан Күлайымды чаар кыз тосуп турду жолунан. – Күндө эле кыздар келесиң, талаанын гүлүн тересиң. Жаңыдан мында келгенде, жаркылдап алтын кийип, жаныңар калбай сүйүнүп, тоту куштай таранып, боюңар сулуу формалуу, алтындан кийип жаркылдап, аябай шаңдуу келдиңер да, талаанын гүлүн тердиңер, кырк күн болду келгениң, не экенин билбедим, эжеке, капа болбосоң, күндө ойноп жүрөсүң, бүгүн жаман мүнөзүң, кандай оор иш түшүп башыңа, капа болуп жүрөсүң. Карасам, башка мүнөзүң, кай түрдүүиште жүрөсүң. Капа болбо мен үчүн, мен кайгырам сен үчүн. Куурай терген мен болсом, кубанып жүргөн сен болсоң. Капа болбо өзүмө, жооп бер, эже, сөзүмө – деп, чаар кыз айтты мындай кеп.

Анда Күлайым кыз сүйлөдү. Чаар кызды сүйбөдү:

– Куурай терген сен болсоң, куурап жүргөн мен болсом, – терикти кыздын сөзүнө, – болосуң теңтуш өзүмө, жолдон чыккын тартайбай,көрүнбө менин көзүмө!

Анда чаар кыз:

– Ай, сулуу кыз, эжеке, кимдер жорго минбеген, башына бакты конгондо, кимдер торко кийбеген. Теригесиң сөзүмө, көрүнбө дейсиң көзүмө, жакшылап жооп бербейсиң, менин айтка сөзүмө. Азыр жаман көрөсүң, бакты консо башыма, көрүнөөрмүн көзүңө. Танбагын айткан сөзүңө, жардычылык-жокчулук, береке болот токчулук, бакты кетсе башынан, басат экен жокчулук. Мен да сендей кыз элем. Туурга конгон куш элем. Дүйнөдө жок уз элем. Эркелээрге энем жок, аркаларга ага жок, энем өлүп кор болуп, дүйнө жүзүтар болуп, бутумда жок нөкөрүм, эки таман чор болуп, мен жүрөмүн бул жерде бир көйнөккө зар болуп. Он сегизде өмүрүм, мен да сендей болсом деп, ойлоп турат көңүлүм. Бирок көйнөгүм жок жылаңач, тебетей жок жылаңбаш, куурай терем зарыгып, мени да сендей кылбайт деп, кудайга турам таарынып. Көп карадым кылчактап, карап турсам алыстан көзүмүн жашы бурчактап, жолобогун, сен, дейсиң. Жокчулук келсе бир күнү, сен дагы эле мендейсиң. Ата-энеңин барынан алжаңдап ойноп жүрөсүң. Аял-эркек болсо да, башына конгон багынан, сен болсоң менин өзүмдөй, киши качат жаныңан. Бакты кетсе башынан, падыша түшөт тагынан.Мен да сендей кийинсем жигиттер кетпес жаныман. Сулуулукка ишенбе! Сулуулукка ишенсең, түшөсүң бир күн кишенге – деп, чаар кыз айтты.

Күлайым кыз, атынын мойнун буруп, кылчайып туруп, чаар кызга сүйлөй баштады:

– Сен капа болдуңбу? – деди Күлайым, – кагылайын, эжеке, мен сөзүмдүбаштайын: хандан кабар келиптир, калкка кабар салыптыр, кыздын баарын келсин деп, бүгүн жооп берсин деп, табышмакты тапсын деп, тапканы айтып берсин деп. Тапсак барып айтабыз, таппасак бир миң беш жүз кыз баарыбызды хан өлтүрөт. Хандын иши кыйын деп, кырк күн кылды жыйын деп чаар кыз анда кеп айтат:

– Ээ, Күлайым сулуу кыз, өзүң менден улуу кыз. Кандай табышмак эле айтып берчи угайын, мен да угуп сынайын.

– Эки эле ооз табышмак, таппай койдук ушуну, тапкан кызды аламын, – дейт. Дүйнөдө кең кайсы? Тар кайсы?

Күлайым сапарын улайт. Чаар кыз коштошуп туруп калат. Күлайым кыздарга барса, алар чуу-чуу болуп жатат. Күлайымды кайда жүрдүң? – деп, бир хандын вазири кагып-силкип коркутат. Күлайым эки жагын карап, көзүнөн жашы тамчылап ыйлайт. Хандын вазирлери кыздарды өлтүргөнүкылычтарын кайрап, курчута баштайт.

Бир убакта хан кыздарга келип:

– Кана, кыздар, таптыңарбы? – деди. Кыздар бирин бири карашты. – Же өлүмгө ыраазы болдуңарбы? – деди хан, мурдагы сөзүн кайталап.

Кыздар чуркурап ыйлады. Бир убакта Күлайым тура калып:

– Ханым, баш кесмек бар, тил кесмек жок. Кыздардын баарын кырсаңыз, кыра бериңиз. Бирок бир өтүнүчүмдүаткарып, анан кырыңыз. Мобу токойдо бир кыз жүрөт, кечээ мени көрүп, эки сөздүн башын кошо албайсыңар да, анан күйөөгө тиймек болосуңар деп мени кордоду, – деди. – Ошол кызды да алдырып келгиле, табышмакты тапса тапсын, таппаса биз менен бирге өлсүн.

– Макул – деп хан, токойдогу кызга киши жиберди. Бир жигит токойго чаап барса, бир кыз жүрөт. Эч ким менен иши жок. Жигит:

– Ой, кыз, куурайыңды ташта! – деди. Чаар кыз олурайып карап калды. – Хан сени алып келгин, – деди.

Анда чаар кыз:

– Сенин ханың кандай кылып алып кел, – деди. Учкаштырып кел дедиби, же атка мингизип кел дедиби? – деди жигитке.

– Тим эле, – деп, жигит кызга жооп берди.

Анда мен барбаймын, учкаш десем болбой койду деп айт, – деди чаар кыз.

Жигит чапкан бойдон кайра ханга жетип келди.

– Канакей, жанагы кыз? – деди.

– Келбей койду. Хан бир ат берип жиберсин, ат жибербесе, мен бара албаймын, эгер керек болсо, хан өзүмени менен жооптошуп кетсин дейт, – деди, жигит ханга.

Хан кызга бир ат кошуп жиберди. Чаар кыз атты минип жетип келди. Көйнөгүжок, жоолугу жыртык, жаман чапан. Жанында бир жарым миң кыз ыйлап турат. Кырк вазирдин колунда кылыч, найза, мылтык.

Чаар кыз аттан түштү. Хан каарлуу. Хан чаар кыздын жанына келип:

– Кызым, сен бир нерсени билесиңби? – деди.

– Жок, – деди чаар кыз.

– Кең кайсы? Тар кайсы?

– Тапканды эмне кыласың, ханым? – деди кыз.

– Ким тапса, мен ошону аялдыкка алам.

– Эгер мен тапсам, мени да аласыңбы?

– Алам. Тар кайсы? – деди хан.

– Ушул элеби?

– Ушул эле.

– Андай болсо, кең – кудайдын казынасы. Тар – кудайдын каары. Себеби кудай ырайым кылса кечирет. Тар – сенин каарың. Ушунча кыздын канына савинсиң. Ушунча кызды бир сөз үчүн өлтүргөн жатасың. Бирок ушунчанын канына савин болуп жаткан сенин күнейиңди кечип жаткан кудайга ыракмат. Тар менен кең ушу – муну таптымбы? – деди чаар кыз ханга.

Хан айран калып:

– Таптың! – деди чаар кызга.

– Эгер тапсам, убадаң боюнча кыздардын баарына кечирим кыл.

Хан макул болуп, кыздардын кетишине уруксат берди. Кыздар ошентип, өлүмдөн калды. Чурулдашып чаар кызга жалынышып:

– Кудай тилегиңди берсин, өмүрүң узун болсун, көшөгөң көгөрсүн – дешип, чаар кызга ыраазы болушту. үстүндөгүбирден чапанын беришти. Чапан үйүлүп, тоодой болду. Хан үйүнө кирип кетти. Чаар кыз эшикте калды. Хан кайра чыкканы жок. Чаар кыздын ачуусу келип, бир боо куурай менен тоодой болуп үйүлгөн чапанды өрттөп жиберди. Түтүн асманга көтөрүлдү. «өрт болгон экен» – деп, элдин баары кайра чогулду. Хан эшикке чыкты. Эл өрттүөчүрүп, чапандарды талап кетишти.

Кээ бирлери чаар кызга:

– Муну эмне өрттөдүң? – деп, суроо беришти.

– Муну эмне кылат элем, мага дүнүйөнүн кереги жок – деди.

Эл ага:

– Эрге тийгенде кийбейсиңби? – дешти.

Анда чаар кыз:

– Мени алуучу киши бир көйнөк таап алаар, – деди.

Ушуну менен эл тарап кетишти. Чаар кыз эшикте калды. Хан эшикке чыгып, чаар кызга:

– Сен кете бер, эртең барып өзүм алам, – деди.

Чаар кыз үйүнө кетти. Эртеси күтсө, хан келбейт. Чаар кыз атасына:

– Ата, сен хандын эшигине барып, хан эле хан, сен менин кызымды алам депсиң, аласыңбы, жокпу? – деп кыйкыр. Андан коркпоңуз, ата, – деди атасына чаар кыз.

Чал өгүзүн минип алып, хандын эшигине жетип келди.

– Ой, о-ой, хан барсыңбы? – деди чал.

Хан эшикке чыгып караса, бир чал. Чал:

– Хан сенсиңби? – деди.

– Ооба, менмин, – деди хан.

– Эмесе, сен хан болсоң, мен сенин кайын атаңмын.

Хан уялып кетип:

– Эмне кыйкырдың? – деди.

– Менин кыйкырганым, менин кызым жиберди, хан мени качан алат экен, ошону билип кел деп жиберди, – деди.

Хан бир азга уялып, туруп калды. Анан жигиттерин чакырып, эки мекиян тоокту бир корозу менен чалга артып: – Муну кызыңызга алпарып бериңиз, бүгүн куудурсун, эртең туудурсун! – деди.

Абышка артынып алып жөнөдү. үйүнө барып, кызына капачылыгын айтты. – Балам сени хан албайт экен, эки тоок берди, бүгүн куудурсун, эртең туудурсун, – дейт.

Кызы күлүп, корозду баш кылып эки тоокту союп, бышырып, атасын этке тойгузуп, куурайга кете берди. Ушуну менен арадан үч күн өттү. Кыз атасын ханга жибермек болду.

– Сен ханга бар. Оо, ханым де, тоокторуңду алып бардым. Бир күнүкуудурду, эртеси туудурду, эми жумурткасын бооруна басып, чайкап жатат кызым. Андыктан үч күндүк жөжөгө үч күндүк таруу керек экен, мобул тарууну бүгүн айдасын, эртең сугарсын, бүрсүгүнүчыгарсын, анан бастырып туруп, алып келсин деп айт ханга, – деди кыз атасына. Бир аяк таруу берип, атасын ханга жөнөтүп, кыз туруп калды. Чал хандын ордосуна келди.

– Хан барбы? – деди.

Хан эшикке чыкты. Караса, чал турат. Чал ханга баарын төкпөй-чачпай айтты. Хандын заманасы куурулду. Эч айла таппай, казынасындагыларды чакырды да, чалдын куржунуна толтура алтын салып берди.

– Бул кызыңдын калыңы үчүн берилди.

Чал алтынды көтөрүп алып, кызына келди. Кызы:

– Эң сонун болуптур – деп, алтынды эч кимге айтпай катып койду. Бир кой союп, айылындагы элин чакырып тамак берип, чаар кыз жүрө берди. үч күн өттү. Чаар кыз атасын кайра ханга жиберди. Кызынын айтуусу боюнча ханга барып чал:

– Кызымды аласыңбы, же албайсыңбы? Алам десең чыныңды айт, эртеңден калбай ал. Албасаң куурайына барат эле, – деди.

Хан туруп айласы кетип:

– Эртең токойго куш салам, ошол жерге келсин кызың, – деди хан чалга.

Чаар кыз эртеси эрте туруп, белине орогун чалып, бир көтөрмөсүн белине курчанып, токойго келип, куурайын тере берди. Хан ууга токойго саякатка чыкты:

– Чаар кызды табалы. Алып келип нике кыйып, үч күндөн кийин кайра коё берели, – деп хан, кырк жигити менен кеңешти. Токойду аралап келе жатса, чаар кыз ошо жерде жүрөт. Хан өзүбарып караса, өңүчаар экен. «Эптеп алып барып, анан коё беремин» деген ой менен туруп:

– Мен сени алганы келдим, – деди кан.

Чаар кыз макул болду. Хан бир кишинин атын мингизип, бир жигиттин кийимин кийгизип, чаар кызды хан ордосун көздөй алып жөнөдү. Жигиттери алып келип, чаар кызды хандын үйүнө таштады. Аны көргөн эл:

– Ханды кудай алсын, чаар кызды алыптыр – дешип, эли ханды жерге-сууга тебелеп-тепсеп ушакташты. Хан уудан келгенче казынаны чаар кыз ачтырып атлас, шайы, тукаба, буулум, жибек, сонун-сонун буюмдардан кийимдерди тандап алып, мончого түшүп кийинди эле, чаар кыз бир сонун эле сулуу кыз болуп жатып калды. Тим эле моймолжуйт.

Хан үйүнө келди, атын байлап коюп кирсе, үйүнүн ичи эң эле сонун болуп жасалган, дасторкону салынган, үйгө кирсе кайра чыккыс.

Хан таң калды, чаар кызды караса, өтө эле сонун болуп калыптыр. Хандын ичи жылыды. Элин жыйып, той берип, чаар кызга нике кыйды. Хан:

– Кардыгач мен сенден бир нерсе сурайын, эгер мен адилетсиз иш кылсам, эч кимге айтпа.

Чаар кыз макул болду. Хан элди күбө кылды, эгер каршы чыкса, коё бермек болду. Ушуну менен чаар кызга нике кыйдырды.

Эл чаар кызды бүгүн-эртең кетет дешип жүрдү. Арадан бир ай өттү. Чаар кыз кетпей эле жүрөт. Чаар кыз байбиче болду.

Бир абышканын жалгыз бээси бар эле, бээсин минип жолоочу жүрүп калды. Бээси бооз эле. Абышка түштүк жерге келгенде, түн кирди. Жолдун боюнда эки киши жатат. Эки ат кошкон арабасы бар экен. Аттарын откоруп жатышыптыр. Абышка ошонун жанына барып түштү. Бээсин отко коюп уктады. Бээси тууп салды. Уктап калган абышка бээсинин тууганын билбеди. Арабакечтер арабасын кошуп жөнөп кетти. Кулун арабанын калдырагын угуп артынан ээрчип кете берди. Арабакечтер узап кетти.

Абышка тура калса, бээси тууп коюптур. Бирок кулуну жок, бээси кишенеп турат. Ары-бери карайт. Кулун көрүнбөйт. Абышка өзүн башка бир муштап, арабага жетсе, кулун ээрчип бара жатат. Барып кулунду кармаса, арабакечтер бербей:

– Биздики! – дешти, абышканы токмоктоп да койду.

Абышка аларга алы жетпей, кайра ханга келип, бардыгын айтты. – Менин кулунумду эки арабакеч зордуктап алды, – деди чал ханга.

Хан киши жиберип, арабакечтерди алдырып келди. Алар:

– Кулун биздики, араба тууп берди, – дешти. Чал:

– Менин бээмдики! – деди.

Хан араба менен бээни эки жакка койдуруп, кулунду коё берди эле, кулун арабаны ээрчип берди. Себеби түн ичинде туулуп, арабаны ээрчип кетет, энесин тааныбай калган эле. Хан:

– Кулунду араба тууганы чын экен – деп, арабакечтерге алып берди.

Абышка кулундан ажырап, үйүнө барса, кемпири кактабай канын ичет. Абышканын айласы кетип: «Хандын аялы эстүүэмеспи, ошого барайын да, бир айла таптырып алайын», – деп ойлоду. Абышка хандын үйүнө далдаланып келип карап турса, Кардыгач бурактап эшикке чыкты. Муну көрүп, абышка жолунан тосуп тура калды да:

– Балам, амансыңбы? – деди.

– Шүгүр – деп, Кардыгач жооп берди.

Абышка ыйлап жиберди.

– Мен, балам, абдан жаман болуп турам, өзүң көрдүң, хан менин кулунумду бир арабакечке алып берип койду. Ошону кайра алып береби деп үмүт этип, сага келдим эле, балам, – деди чал.

Кардыгач ырайым этип:

– Ата, – деди чалды, – менин хан менен кылган убадам бар эле. Эгер хан угуп калса мени коё берет го, – деди чалга.

– Мен эч кимге айтпаймын, эгер айтсам, мени жер жутсун, – деп, жооп берди.

– Сен үйгө бар. Баланы кемпириң менен талашып, үйүңдүн ичиндегилерди көтөрүп алып, бети-башыңарды жарып, кызыл жаян болуп ханга келгиле. Баланы кемпирге бербе, – деди.

Абышка үйгө келди, кемпири менен урушуп, баланы талашып, бети-башын айрып, оокатын бөлүп алды, хан булардын чатагын угуп, чакыртып келип, сурай баштады. Абышканын башы, кемпирдин бети жарык, баланы талашып абышка – меники, кемпири – меники, – дейт. Бири-бирине сөз бербейт. Хан абышканы:

– Сен кантип туудуң? – деди.

– Мен эртең менен эрте отунга барсам, бир куу теректин боорунан ушул баланын буту чыгып туруптур, сууруп алсам, ушул бала экен, – деди. Хан:

– Куу теректен кантип бала чыксын, – деди.

– Таксыр, куу араба кантип кулун туусун, – деди чал.

Хан уялып кетти. Арабакечти таптырып, кулунду абышкага кайтарды. Хан:

– Мен жаңылып калыпмын, – деп, кемпирге бир кулундуу бээ, музоолуу уй, бир сыйра кийим менен баласын колуна берип, кемпирди жөнөттү.

Абышкага бир ат мингизди да, бирок абышканы хан алып калды.

– Сен чыныңды айт, бул акылды сага ким айтты? – деди хан.

– Эч ким айткан жок, эч сырым деле жок.

– Сырың эң көп, айт!

Чал сырын айтпай койду. Хан сурасам айтпайт деп, төөнүн терисин сууга жибитип, ошонун ортосуна чалды тиктирип туруп тамдын күн жагына жөлөтүп койду. Бешим болду. Айткан жок. Бирок күнгө тери кургап бырышып-тырышып абышканы кысып, сай-сөөгүнөн өтүп, өлө турган болду. Чал бакырып сырын айтууга макул болду. Чал:

– Сенин аялың айтты, – деди.

– Болуптур, – деп чалды чыгарып, жолуна салды.

Хан үйүнө келип Кардыгачты:

– Убада кана? – деди эле, Кардыгач кемчилигин мойнуна алды.

– Сени кетирем, – деди.

– Мейлиң, – деди, ыраазы болуп Кардыгач.

Кырк жигитти хан чакырып:

– Силер Кардыгачты жеткирип келгиле, – деди.

Кырк жигит капа болду. Бирок ооз ачпады ханга. Хан эки атка араба коштуруп, үйүн көздөй жөнөтмөк болду.

– Убада аткарылбай калды. Эми ыраазы бол, – деди хан.

– Ыраазымын, – деп колун бооруна алды.

– Эми сен менин тактымды, таажымды калтыр да, башка дүнүйөдөн алышыңча ал, – деди. Кардыгач буга макул болду.

– Эми мен кетем, ага чейин колум менен бир тамак берейин, – деди кыз.

Ошентип, экөө бир үйгө кирди. Эң сонун тамак кылды. Ханга бере баштады. Хан кызыгып иче берди да, бир маалда мас болду. Түртсө да ойгонбогудай уктап калды. Ханды Кардыгач чоң сандыкка салып, оозун бекитип койду. Таажысын, тагын коюп, керебеттин көшөгөсүн түшүрүп, киши жаткандай кылып койду. Эшигин ачып, жигиттерди чакырып, төрт кишиге көтөртүп чоң сандыкты арабага салдырды. Хан уйкусунан ойгонбоду. Кардыгач жигиттерге:

– Эми мен кеттим, ханыңар уктап калды, качан ойгонгондо эшикке өзүчыгат, аман болгула, – деп, арабаны бир жигитке айдатып, жөнөп кетти. Хандын жигиттери капа болуп кала беришти.

Кардыгач абышканыкына барса, уктап калыптыр. Ойготуп, от жактырып отурушту. Арабакеч:

– Эми мен кетейин, – деди.

Кардыгач:

– Коё тур, сен да калыс кишисиң, мына бу сандыкты көргүн, – деди да, сандыкты ачты. Ачса – хан. Хан тура калды, көзүн ачып караса чоочун үйдө жатат.

– Бул үйгө мени ким алып келди я, Кардыгач? – деди хан.

– Сизди мен алып келдим.

– Эмне үчүн?

– Сиз мени коё берерде таажымды, тагымды калтыр да, башка көңүлүңө жаккандын баарын ал дедиңиз. Мага сиз жагасыз. Ошон үчүн сизди алып келе бердим, – деди Кардыгач.

– Эч кимге айтпа. Мен уят болдум сага. Муну эч ким көрбөсүн, – деди. – Бул жерде турсак, хан башыбыз менен уят десе, Кардыгачтын айтып турган жери:

Керектүүнүн баарысын

Алып кеткин, – деп айттың.

Мен сүйлөдүм макул, – деп,

Сизден артык керектүү,

Таба албадым үйүңөн.

Сандыкка сени салдым да

Алып келдим үйүмө.

Пайдасы жок не кылам

үйүңдө калды дүнүйө.

Кетирбеймин сени деп,

Кардыгач айтты мындай кеп.

Ханзаада туруп зарылып,

Кардыгачка таарынып.

Э, ханзаада, бегим, – деп

Менин уккун кебим, – деп.

Увазир жакшы – хан жакшы,

Катын жакшы – эр жакшы.

Кадырды билген сен жакшы.

Табышмагың мен таптым,

Жаттың менин койнума.

Эми чанып жатасың,

Убалым сенин мойнуңа.

Ак никелеп алдың, – деп,

Алып кайра чандың, – деп.

Кардыгач айтты мындай кеп:

– Убадаңдан танбагын

Уят болот барганым.

Уруу кыздын ичинен

Мени тандап алганың.

Уят болот бекзаада

Мени кайра чанганың.

Убада кылып кеп айттың,

Сага жаккан дүнүйө

Алып кеткин, – деп айттың,

Сүйгөнүм жалгыз сен болдуң,

Алып келдим өзүңдү.

үйүңө кайра кетпейсиң

Уккун менин сөзүмдү.

Билегим артам мойнуңа,

Бирге жатам койнуңа.

Кыздан тандап мени алдың,

Кыяматтык сен болсоң,

Кыз алган зайыбың мен болсом,

Сени таштап Кардыгач

Кайсы жакка барам – деп.

Сендей асыл бекзаада

Кайдан таап алам – деп.

Акылдашым сен болсоң

Алган зайыбың мен болсом.

Кудай кошкон кубатым,

Кошулган сиздей урматым.

Таажың менен тактың деп,

Табышмак сөзүм таптым деп,

Миң кыздан сага жактым деп,

Таалайым артык кыздардан

Мени сүйгөн бактым деп,

Кардыгач айтат мындай кеп.

Эми ханзаада туруп кеп айтты,

– Э, Кардыгач, – деп айтты:

– Сенден башка кыздардан

Акылдуу барбы, – деп айтты.

Анда Кардыгач канга кеп айтат.

Э, ханзаада, каным деп,

Кадырды билген жаным, – деп.

Акылдуу кызды айтайын.

Жер жүзүнө Рашит,

Болгон экен падыша.

Падыша болуп турганда

Кырк жигит күткөн жашында.

Акылдуу жигит даанышман

Бирмаки жигити кашында

өзүсексен жашында,

Жер жүзүнүн баарына

Падыша болгон жашында,

Андан артык акылы

Бирмаки мунун жакыны

өзүушундай даанышман

Дүйнөдөн кабар алышкан.

Аскери баатыр баарыдан

Дүйнөнүн баарын караткан.

Тең келген адам болбогон

Тайгак кечүү, тар жолдун

Далайын түзөп оңдогон,

Пендеде мындай болбогон.

Рашит паша бир күнү

Чыккан экен сейилге

Кырк жигити кашында

Олтурган экен Рашит

Мунаранын башында,

Коңгуроо үнүугулду

Бир мечиттин ичинен

Карап турса Рашит

Беш жүздөй кыз чууруду.

Ошол беш жүз ичинен

Бир сулуу кыз бурулду.

Так ошо кыз пашага

Перизаттай көрүндү.

Рашит кызды карады,

Периби деп санады.

Кызды көрүп кызыды,

Рашиттин башынан

Акылы түрлүүбөлүндү.

Бирмакиге кеп айтты.

Кимдин кызы экенин

Билип келчи деп айтты.

Бирмаки туруп ордунан

Туруп кыздын артынан

Жөнөп калды соңунан

Байкаган жок кыз аны

Барып бир жерден бурулду.

Артынан Бирмаки келе берди. Кыз жасалгалуу бир үйгө кирди. Артынан Бирмаки кошо кирди. Кирсе үйдүн ичи эң сонун, Рашит падышанын үйүнөн артык. Ар түрдүүсонун буюмдар бар экен. Адамдын акылы жеткис. Караса, бир сонун аял турат. – Келиңиз, – деп, эки колун бооруна алды. – Отуруңуз – деп, шашып калды аял. Бирмаки караса, кыз жок. Айран калды. Аял: – Эмне, сиз шашып турасыз? – деди. Бирмаки: – Бир жумушка келдим эле, – деди. Аял: – Ишиңиз табылып калаар, – деди. Аңгыча төркүүйдөн кызы чыга келди. Бирмаки менен учурашты. Бирмаки аялдан: – Сиз кимдин аялы болосуз? – деди. Мен сиздин жолдошуңуздун аялымын, – деди. Бирмаки кайра сурай албай туруп калды. Аңгыча эшиктен Акматшарип кирип келди. Биринчиси, падыша Арун- рашит, экинчиси, Бирмаки, үчүнчүсү, Акматшарип эле. Ошол үй Акматшариптики экен. Акматшарип Бирмакиден бей уруксат келгенине таңгалып, бул мага жамандык кылып жүргөн экен деп, каарлана баштап, Бирмакиге кол салууну ойлоду. Бирмаки биле коюп: –Акматшарип, сен мени жаман көрүп турасың, ырас мен келдим, өтө зарыл жумуш бар эле, – деди. Акматшарип ага эмне жумушу бар экенине таң кала: – Сени чакырсам да келбейсиң, не себептен эми келдиң, я? – деди. Бирмаки:

– Мында бир себеп менен келдим. Мени Арунрашит жиберди, – деди.

– Биз таң эртең сейилдеп буранага чыгып, эки жакты карап отурдук. Бир убакта мектептен кыздар тарап калды. Бир кыз өтө эле сонун көрүндү. Ошону барып билип кел деп Арын Рашит падыша мени жиберди. Мен тез эле мунарадан түшүп, кыздын артынан кайда бараар экен деп ээрчип келе берип, эми сизге дуушар болуп олтурамын. Артынан келсем сиздин кыз экен, – деди Бирмаки.

Акматшарип кызды эмне кыларын сурады.

– Кыз жакса, аламын дейт, – деди Бирмаки. Кептин чынын угуп Шариптин ачуусу тарады.

– Эгер кызды падышага берсек, эмне дейсиз? – деп Бирмаки Акматшариптен сурады.

– Анда мен кыз менен аялыма кеңешип туруп, жообун эртең берейин, – деди.

Эртеси жообун алуу үчүн киши жибермек болуп Бирмаки үйүнөн чыгып кетти. Рашитке барса, күтүп турган экен. Бирмакиден: – Кыз жактыбы? – деп, Арунрашит сурады.

– Бардык, – деди.

– Кимдин кызы экен?

– Акматшариптин кызы экен, сулуулугу бул дүйнөдө жок, эң сонун экен, андай кыз болбос, – деди Бирмаки. – Периде гана болбосо, бул дүйнөдө жок андай кыз, – деп сөзүн кошумчалап, өтө сонун экенин, чын пейили менен жактырганын айтты.

Падыша өтө кубанып, көңүлүкөтөрүлдү.

– Бергидейби?

Бирмаки: – Мен сүйлөштүм, эртең жооп бермекке кеңешмек болушту, – деди. Падыша ого бетер кубанды. Вазирлерин чогултуп, шатыра-шатман жамбы аттырып да жиберди.

Эртеси эртең менен Бирмакини чакырып: – Кыздан жооп ал, – деп буюрду. Хан, бекзаада, акылман, чечендерин чакыртып алып, мен бүт дүйнөгө падыша болдум, бирок мен өтө кубанып турамын, – деди. Бүгүндөн калбай төрт киши чечендерден жөнөгүлө да, бүгүн кайра жооп алып келгиле! – деп, кыздын ата-энесин көздөй жиберди…

Алар келе берсин, эмики кеп Акматшариптен болсун.

Акматшарип Бирмакини кетирип жиберип, кызына эмне деп айтаарын билбей өтө капаланды. Эч кеп-сөз дебей олтура берди да, эшикке чыкты. Муну көрүп, кыздын энесинин ою ар түрдүүбөлүнүп капа болду, ыйлады.

Кызы: – Эмне ыйлап жатасың – деп сурады.

Анда энеси:

– Ээ, балам, сени мен атаңдын ажалына тууган экемин, – деди. Кызы чочуп кетти.

– Сени Арунрашит падыша алам дептир. Ага өз каалооң менен барбайсың, ошон үчүн хан атаңы өлтүрөт.

– Эгер мени падыша аламын десе, барамын. Капа болбой эле койгула, – деди кыз. Энеси сүйүнүп кетти. Эшикте турган Акматшарипке:

– Сүйүнчү, кыз макул болду, – деди. Акмат да өтө кубанычта болду, үйүнө кирди. Кызы Күланданы атасы чакырып, өз оозу менен сурап, ишенип, көңүлүанык жайланды. Эртең келет хандын кишиси, эмне жооп берейин, – деди кызына.

– Келе берсин, жообун өзүм берем, – деди кыз.

Эртеси хан дайындаган чечендер Акматшариптин үйүнө келди. Шарип аларды коноктой баштады. Дасторкон салынды.

Жуучулар падышанын буйругу боюнча кудалык чоо-жайды сүйлөшө турганын айтышты. Сөз башталды. Кыздын башын ачышты, адегенде Акматшарип:

– Эгер Арунрашит айтса мен жок демек белем, – деди. Сөз анан калыңына жетти. Акматшарип: – Кызым Күланда өзүбилет, – деп, чыга берди. Жуучулар Күланданын үстүнө киришти. – Куда менен кудагый сизди падышага бермек болду, бирок калың маселеси чечилбей жатат, – дешти.

– Эмненин калыңы? – деди кыз.

– Сизге берүүчүкалыңчы? Кыз:

– Мен кишиминби, же малмынбы?

– Кишисиз, – деди тигилер.

– Эгер мен киши болсом, мени сатпагыла! – деди. Жуучулар буга болбой коюшту.

– Анда, – деди кыз, – калыңыма чыдай турган болсоңор он беш сары куйрук козу, он беш карышкыр, жыйырма беш тоо теке, отуз жолборс, кырк кабылан, элүүайгыр, алтымыш атка жетимиш нокто, сексен чылбыр.

Жуучулар буга макул болушту. Падышага бир шакек берди кыз. Эртеңден калбай келишээрин эскертти Күландага.

Жуучулар убаданы бекитип падышага кетишти. Жетээри менен: «Алмай болдук» – деп мактанышты. – Кыз көңүлгө жактыбы? – деп сурады падыша ириде жуучулардан. Жуучулар падышага кыздын сулуулугу пендеде жок экен дешти. Кыз берген аманатты падышага тапшырышты. Падыша шакекти колуна салып, көрө коюп өңүбузулуп кетти. Падыша кыздын калыңы канча болду, – деди. Жуучулар өтө арзан болду, – деди. Падыша: – Кана, айткылачы? – деди. Жуучулар: – Таксыр, арзаны ушул, он беш сары куйрук козу, он беш карышкыр, жыйырма беш тоо теке, отуз жолборс, кырк кабылан, элүүайгыр, алтымыш атка жетимиш нокто, сексен чылбыр, – деди жуучулар. – Муну кайдан табабыз? – деди Рашит. – Ушуну кантип таппайлы! – дешти жигиттер. Кыркыбыз кырк жактан чыгып, бирден карышкыр атып келебиз. Козу болсо короодо турат. Жыйырма беш тоо текени миң киши чыгып кармап келебиз. Отуз жолборсту ажайыпканадан, кырк кабыланды ар кайсы падышадан алабыз. Элүүайгырды алтымыш атты байлардан сурайбыз. Жетимиш нокто, сексен чылбырды он кемпир бир күндө даярдайт. Ушул эле эмеспи! – дешти жуучулар. Бул кепте маани бар экенин алар билишкен жок.

Падыша болсо дым дебей, чекесин таянып олтура берди, жуучулардын сөзүкулагынын сыртынан өтүп жатты. Падыша Бирмакиге: – Кайдан табабыз бул калыңды? – деди. Угуп олтургандар айраң-таң калышты. Кырк вазирине падыша: – Силерди кырып койсом, дурус эле болгон турат. Бирок уят болчудаймын. Силерден көрө бир мусапыр багып алсам, жакшы болмок. Себеби кыз бизге тийбейт экен. Мен кыйынмын дечүэлем, менден акылдуулар көп экен го. Ражап деген бир ханды бир чаар кыз жаңылтып тийди деп уктум эле, ошол кыздын эжеси Акматшариптин аялы, ал чаар кыз Акматшариптин балдызы экен, ошо кызга туш болупмун. Бул кыз мага тийбейт, калыңы өтө көп. Силердин баамыңар жетпесе, мен чечмелеп берейин, – деди Рашит падыша. – Он беш сары куйрук козу дегени, мен он бештеги сары козудаймын. Он беш карышкыр дегени, он бешиңде карышкырдай элең, эмине… дегени. Жыйырма беш тоо теке дегени, сен жыйырма беште болсоң болот эле дегени. Отуз жолборсу – жолборстой чамынган курагың калган жок дегени, кырк кабылан дегени – ички, тышкы душмандарыңа кабыландай тиер убагың эчак өткөн дегени. Алтымыш атка жетимиш нокто дегени – алтымышка келип ата болдуң, башыңа нокто түшүп, нокто болдуң, көзүң кызарып, бетиң бырышып, шай кеткен кез. Сексен чылбыр дегени – сексенге чыккан менин жашым. Бул шакеги – өзүңдүн перзентиңизбиз дегени.

Жигиттер баш болгон эл оозун ачып отуруп калышты. Ошентип Арунрашит падыша кыздын табышмактуу сөзүн чечти.

– Мен өтө чеки иш кылыпмын, шарияттан чыгыпмын, – деп, Рашит имамын чакыртып, сексен дара чаптырды. Кыз падышага тийбей кутулуп калат.

Рашит кийин текшертсе, баякы ханды жаңылтып тийген чаар кыз ушул Күланданын таэнеси экен. Хандан жуучу барганда Күланда таэжесинин үйүнө барып, кеңешип келет, ошонун айтуусундай болуп падышадан кутулуп калат.

Сөз эми Арунрашиттен башталсын. Арунрашитте бала болбойт. Агасы Абдимуталипте гана бир кыз болот. Кыздын аты – Нурбүбү, НурбүбүнүСубайда ханыша багып алат да, кырк кыз курайт. Себеби Арунрашит ушул агасынын кызын акылдуу бир сонун, дүйнөдө жок даанышман адам кыламын деп, ак сарай салдырып багат. Түштүк жерине бак тиктирет, ичин гүлдөттүрөт, ага бейжооп киши кирбейт. Дарбазасын темирден жасатып, эки жагына алтыдан, он эки кызды мылтык берип сакчы коёт. Кыздар турчу жайдын ичи да бейиш болот. Нурбүбүнүн кырк кызына үй салдырат. Азем тотуну алдырып келет. Кишинин тилин билген куш сайрап, булактар кайнап, дүйнөдө кулак угуп, көз көрбөгөндөрдүн баарын алдырат. Алтындан такты жасатат. Кырк кыздын үстүнө бир да эркек кирбейт.

Бирок Арунрашит падыша кызды эркек кылам, – деп ойлойт. Кыз үстүнө бир да макулук киргизбейт.

Кыздар шапар тээп ойноп жата берет. Бир жолу бири-бири менен аңгемелешип, сырлашып:

– Эркек тапсак, ортобузга алып сыр сурасак – деп, кеңешет кыздар.

Нурбүбүөз үйүнүн төрүнөн сыртка жол казып чыгарууну айтат. Кыздар буга макул болуп, каза башташат. Жолду кырк кыз, кырк күндө казып бүтөт. Жол шаардын чекесинен чыгат. Бирок жолдун оозун бекитип коюшат. Бир мусапыр абышканы таап, ага бир табак дилде берип, кызматка алышат. Ал жолду кайтарып турат. Чал ошол жол чыккан жерге короо-жай салып тура берет.

Кыздар сыртка бирден чыгып, абышка менен аңгемелешип, ата-бала болуп калат. Бир күнүНурбүбүэшикке чыгып, жаман кийим кийип, бетине парда тартып, абышканын эшегин минип, базарды аралап жүрө берет. Базарда сонун-сонун адамдар бар экен, бири да көңүлгө жаккан жок. Жолдо келатса, бир сонун дүкөн турат. Нурбүбүкараса эл көп, сонун-сонун адамдар күлүп-жайнап, ойноп жатышат. Нурбүбүмусапыр түрүменен элге келет. Элдин ичинен бир байбача көңүлүнө жагат. Эч бир жеринде кеми жок. Ким экенин билейин деп Нурбүбүтуруп калат. Оюн да тарайт. Баягы мырза элдин баарын:

– Жүргүлө! – деп, ээрчитип жөнөйт. Эң сонун салынган бир сарайга барат. Сарайдын эч бир кемчилиги жок, эң сонун экен. Ким ушуну жаман десин, – деп Нурбүбүжөнөп кетет.

Абышканын эшегин кайра өзүнө берип, сарайына кирет. Кыздар тегеректеп:

– Эмне көрдүң, эжеке? – деп сурашат.

Көргөн жигити жөнүндө айтып берет:

– Байбача эң эле сонун, бир адамда жок киши экен, – дейт Нурбүбү.

– Мында келеби? – деп сурашат кыздар.

– Келет, – дейт Нурбүбү.

Нурбүбү бир күнүбаягы жашыруун жол менен эшикке чыгып, абышкага эшикти каратса, эч ким көрүнбөйт. Жаман кийимин кийип, бетине парда тартып, эшекти минип Нурбүбүжөнөп кетет. Баягы дүкөнгө барса, мырза жалгыз турат. Нурбүбүушуну бир сынайынчы деп, эшеги менен барып:

– Ээ, байбача! – дейт.

Байбача карап калат. Нурбүбүмөөр таш сурайт.

– Бар! – дейт байбача. Нурбүбүбирди сурайт. Байбача каухар таштан бирди алып берет. Мусапыр каухарды алып, чыгып кетет. Байбача унчукпай туруп калат. үч күн өткөндөн кийин кайра келсе, байбача дагы жалгыз турат. Нурбүбүжакут таш сурайт. Байбача: – Бар, – дейт. Анан бирди берет. Мусапыр алып, чыгып кетет. Байбача: – Кайта бер, – деп сурабайт. Нурбүбүал дебейт.

Жана он күн өткөндөн кийин дагы келет. Зимурут сурайт. Байбача бирди берет. Мусапыр зимурутту алып жатып, байбачаны таанырын сурайт.

– Жок, – дейт байбача.

– Эмесе, мени таанып ал! – деп, Нурбүбүбетиндеги пардасын ачып иет. Байбача караса, бети жаркырап тим эле перизат. Эси оой түшөт. Байбача эсине келген кезде: – Намаз жума күнүбиздикинде болуңуз, – деп, айтып жүрүп кетет.

Күндүкүтүп жүрөт. Бир күнүэл чогулуп намазга түшүп жатыптыр. Байбача басып келсе, эл тарап калган экен. Мечитке кирип турат. Бир оокумда бир эшек минген аксакал киши чыгат. Аны байбача ээрчип алат. Ал киши бир дубалдын түбүнөн бир боо ак куурайды сууруп алса, астынан үңкүр көрүнөт.

– Ушундан нары барсаң, жогуңду табасың, – деп, байбачаны үңкүргө түшүрөт. Бир топ жерге баргандан кийин, чоң жарык көрүнөт. Жакындап барса каалга. Туткасын тартып кирсе, баягы издеп жүргөн кызы ошол жерде отурат. Тура калып кыз көрүшөт. Анан:

– Мага жуп болосуң, – дейт дароо. – үйдүн ичи эң эле кооз экен. Кулак угуп, көз көрбөгөндүн баары ошол жерде турат. Жигит коруна баштайт. Кыз жигитке: – Мен сага үч жолу сени көрсөм, – деп бардым. үч жолу тең кымбат буюмуңду сурадым. үчөөндө тең мага илгиртпей бердиң. Ошентип мага жагып калдың, – деди кыз. – Кокус менден тыйын сурасаң, мен экинчи сага келмек эмесмин.

Бир топ убакыт өткөн соң жигит кыздын атын сурайт. Кыз:

– Атым – Нурбүбү, – дейт.

– Сенин атың ким? – дейт кыз жигиттен.

– Атым – Арунрашит, – дейт жигит.

Кыз чочуп кетип, Арунрашитте бала жок экенин айтат.

– Ырас, анын баласы жок, мен агасынын баласымын.

– Мени дагы, – дейт Нурбүбү, – эч бир жанга көрсөтпөй, Субайда ханыша багып, ушунча имарат салдырып, кырк кызды жалдап ушунча дүнүйөнүн баарын энчилеп берген. Бирок сенин дайыныңды угуп калып, бир абышканы миң дилдеге жалдап, сени таптым, – дейт анан кыз.

Байбача менен кыз сүйлөшүп отура берет көпкө. Аңгыча терезеден бир кыз чыгып, оюндун бүтүп бараткаанын айтат.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы60
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Коён менен кирпи20
Кыска жана күлкүлүү жомоктор20
Акылдуу кыз19

Акылдуу кыз: 34 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *