Датасы: 27.02.2018
Формат: mp3

Сөзү : А.Жакыповдуку

Обону : Х. Азиреткуловдуку

Аттанган туулган жер үчүн,
Аттанган кутман эл үчүн.
Гүл коюп, эскер, ыйлап ал,
Уулуңар, жоокер эл үчүн

Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.

Жан берип кандуу кармаштан,
Кайткан жок, кайра батыштан.
Эстелик болду эми алар,
Түбөлүк отту жагышкан.

Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.

Тосушуп таңды атарда,
Узатып күндү батарда.
Түбөлүк тирүү турушат,
Уулуңар биздин катарда.

Кайырма:
Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.
Уулуңар тирүү биз менен,
Сезимди кыйнабагыла.

Эстелик клибин көрүңүз

Самара Каримова — Эстелик тексти: 27 комментарий

  1. Алтынай,
    Сөзү : А.Жакыповдуку
    Обону : Х. Азиреткуловдуку

  2. Аябай сонун ыр экен. Мага аябай жакты. Барыбыз аман бололу калкым, кыргызстаным

  3. Топчубай Кенжебаев автору Кара кулжа Жаны талап.Эстелик.

  4. Топчубай Кенжебаев автору Кара кулжа Жаны талап.Эстелик.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *