Датасы: 20.05.2020
Формат: mp3

Исфана, Исфана,
Араладым, издегеним сен гана,
Кара көзүм жолугамбы мен сага?
Жолугуп, жолугуп,
Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп,
А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп.

Кайырма:
Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.

Кой, жеңе! Кой, жеңе,
Кудалаштык, жакында сен той дебе,
Кайынсиңдиң шаштырбачы, бол дебе.
Буулугуп, буулугуп,
Коштошо албай колуң турду сунулуп,
Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп.

Кайырма:
Ыйманыңа береке,
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.

Один комментарий к “Гулжигит Сатыбеков-Лейлектик Кызга тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *