Жан дүйнөмө жагып турду жамалың,
Жалын чачып неге мынча карадың?
Жандап баспай, жалгыз кеттим, садагам,
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.
Имерилип неге мынча карадың?
Ийик сымал ийрип жибин санаанын.
Ишеничиң сынбасын деп, садагам,
Ийнеликтей назиктигиң аядым.
Оозун ачпай ооруп бүткөн санаанын,
Ойлорумду жүрөгүмө камадым.
Таарынбагын таттуу сөзүм укпасаң,
Тамчы суудай тазалыгың аядым.
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.
Гүланда — Аядым тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 4606