Датасы: 09.03.2022
Формат: mp3

Ажарлуу жүзүндөн нуру төгүлгөн
Жылдыздай жымыңдап жарыгы аял
Ак жүздүү периште аруузат аял
Жашоого көрк берген асылзат аял
Аалам көркү сенсиң жароокер аял

Мөлтүрөп агылган суудай таптаза
Акактай жаркырап көркү башкача
Көздөрү күлмүңдөп мээримге толгон
Адамга күйүмдүү боорукер аял
Үйдүн куту да көркү да аял
Мээримдүү эне сүйүктүү аял

Кайырма:

Ааламды койнуна батырган аял
Кайгысын билгизбей жашырган аял
Дүйнөнүн көркү асылзат аял
Мээрими чексиз эне заты аял

Балага мээрими суудай таптаза
Аянбай баарысын берүүгө даяр
Күлсө кубанып кыйналган ооруса
Кудайга жалбарган жароокер аял
Мээримдүү эне сүйүктүү аял

Клип — Асылзат аял

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *