Датасы: 26.04.2024
Формат: mp3

Оюн күлкүгө толгон жаштык
Узак кете электе колдон жаштык
Келбейт кайрадан туура пайдалан
Тура бербейт ушундай бойдон жаштык

Азыр колуңда өткөр жаштык
Ар бир күндү коштосун ай күлкү жаштык
Келбейт кайрадан туура пайдалан
Жаштык өтөт билинбей аз убакыт

Кайырма:
Жалың жаштык баарында
Ойно күлдө жалыңда
Азыр баары жарашат
Күлдөп турган жагынан

Жылуу сезимге толгон жаштык
Сени менен бир жүрүп сүйүү таптык
Бирде жаңылып бирде чалынып
Сени менен жакындан көп сырдаштык

Кулпуруп турган күлсүн жаштык
Мен суктанып тойбогон сүйкүм жаштык
Ар бир күнүмдү сенде сактагам
Сен өчүрбөй жүрчү жаштык

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *