Бакчалар жазда гулгө бөлөнөт
Байлыгын төгөт күздө мөмөлөп.
Ак сүйүү жайы-кышы гүл ачып
Майрам ар бир убак.
Кут конуп ашык болгон кезиңде
Кубулжуп булбул сайрайт сезимде
Өзөгү бул өмүрдүн махабат
Адам күлбөсө, арзып сүйбөсө
Кайдан көңүл жашарат.
Кайырма:
Арбалып көркүмө, үнүмө
Ашыкпа ыр түнөгү күйүгө
Жашагым келет жанды жандырып
Жаркын шам келет сүйүүгө.
Ак тилек жашообузду оймолоп
Айтышат жазда сезим ойгонот
А бирок сүйүү күчү ушунда
Жайнап гүлдө кышында
Ысык жаш карегиңен тамганда
Ыры жок жашай албай калганда
Дайралар умтулгандай деңизге
Талбай агылып, шамдай жагылып
Талбай күндө мени изде
Кайырма:
Арбалып көркүмө, үнүмө
Ашыкпа ыр түнөгү күйүгө
Жашагым келет жанды жандырып
Жаркын шам келет сүйүүгө.
Аяздын шаңында, айланып жалынга
Мезгилге багынбай көңүл көктөсүн
Жаңырып ырымда жаза алам кылымга
Сезимдер өчпөсүн.