Зымырап артты карабай,
Убакыт учат саналбай.
Орчундуу сырлар курчашып,
Оюмду турам чече албай.
Кайырма:
Жашоодо жаман нерсе болбосочу,
Дүйнөдө жалаң жакшы орносочу.
Ай-ий, оорубас адам болсочу,
Ай-ий, жаңылбас пенде болсочу.
Бирине бирин өч кылган,
Болбосо уруш-жалгандан.
Адамды жаман ат кылган,
Арам жок болсо ааламда.
Кайырма:
Агына кара ширелген,
Сырлардан жашоо тигилген.
Жетишип баары турса да,
Баары бир дүйнө бири кем.
Аи-ий, тараза дүйнө бири кем
Кайырма:
Гүлнур Сатылганова — Болсочу тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 1572