Келем дедиң чабалекей келгенде,
Келген жоксуң кечиктиң сен эмнеге,
Жүрөгүмдө кайгы жаман сыздатты,
Келгин куштар кайра кайтып кеткенде
Кайырма:
Келем дедиң кар түшкөндө талаага,
Келген жоксуң кечиктиң не садага.
Кар да кетти өзөндө муз ээриди,
Салып коюп муздак бир ой санаага.
Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып,
Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып.
Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө
Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.
Жылдар келип жылдар акты бир далай,
Тостум жолуң күтүүм түнү уктабай,
Кетип жатып мага берген бир гүлүң,
Тереземде дале турат кургабай.
Кайырма:
Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып,
Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып.
Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө
Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.
Гүлнур Сатылганова — Келем дедиң тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 2148