Жаз убак келип, жымыңдайт күн да,
Бүчүрлөр байлап, жашыл төр бакта.
Сени сагынып жүрөмүн мен да,
Жолго тагылып, саймалап жазда.
Кайырма:
Сагынычта күндөр узарат,
Элесиң турат, күлө бир карап.
Кусалык тарайт,
Жүрөгүмдү улам сыздатты,
Жаным ырбатып, күндөр сагынтып.
Суктанып эстеп турчу бир арман,
Өткөндү эңсеп ойлонуп калам.
Көңүл тазарып, умтулуп барам,
Жазым ажайып, ал да бир арман.
Кайырма:
Биз жүргөн күндөр келет эсиме,
Сен берген гүлдөр ар кыл наз эле.
Өзүңдөй адам табылбас эч да,
Өткөн күн арман кайрылбас кайра.
Кайырма:
Гүлнур Сатылганова — Сагынган күндөр тексти
Датасы: 10.10.2020 Көрүүлөр: 1081