Кайдан жүрүп сага кабылдым?
Карегиңде барбы жалының?
Жан эргитип жумшак күлгөнүң,
Жарыгыбы аткан таңымдын?
Булбулсуңбу куштар багында?
Анда келип кончу шагыма.
Кучагымдан орун берейин,
Күттүм элем, гүлүм, сагына.
Кылгырасың неге мынчалык,
Кирпигиңден сырдуу нур тамып?
Жаз гүлү болсоң, жыпарыңды чач,
Жадырасын жаным тынч алып…
Гүлнур Сатылганова — Жазым келчи тексти
Датасы: 05.11.2020 Көрүүлөр: 12302
Оло жакты.
Сонун