Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Карагат үзгөн гүлүмдөй
Ары күндөр калды капкайда
Арчалуу бетти этектеп
Айылдаш конгон чак кайда
Кайда кайда калды кайда
Эңсеткен ошол жаз кайда

Күлүктү минип туйлатып
Жылкы айдап түштүң маңдайдан
Кымыздын гүлүн андагы
Кете элек али таңдайдан
Бирге болгон бирге болгон
Конуштар эчак саргайган

Кулундай туйлап жарышып
Ышкыным терген бел кайда
Саамайды көккө сапырып
Ойлогон эрке жел кайда
Кайда кайда калды кайда
Сен кайда бүгүн мен кайда

Ал күндөр келбей кетсе да
Айрылбайт үмүт жакшы ойдон
Өзгөртүп мезгил тагдырды
Өмүрдөн өтсөк тап бойдон
Бирге болгон биз ойногон
Арчалар дале жаш бойдон








Один комментарий к “Гүлзат Байзакова — Арчалар дале жаш бойдон тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *