Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Сен дегенде күн батпайт да, таң атпайт,
Учкан куштай учкан жылдар санатпайт.
Баш айланткан бактылуулук мас болуп,
Ачыла элек барактарын барактайт.
Кайырма:
Ай да таңда жылдыздарын түгөлдөйт,
Асыл ойлор арам ойду жүгөндөйт.
Түгөнүшү мүмкүн ушул өмүрдүн,
Бирок сага, бирок сага деген сүйүүм түгөнбөйт.
Буюрбаган күчтөсөң да кабылбайт,
Табылбаган издесең да табылбайт.
Эмне үчүн экендигин билбеймин,
Сени ойлосом жүрөк ырдайт, жан ырдайт.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *