Жамгыр төктү, эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдымдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбастан кете берди.
Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың, жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Туңгуч сүйүү унутулбай.
Гүлжигит Калыков — Жамгыр төктү тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 4611