Датасы: 19.11.2021
Формат: mp3

Далай таңды тоскон элем,
Сени менен ардагым.
Көнүп калган экем сага,
Башка жанды таппадым.
Бир күнүм ай миң күндөй,
Өзүмдү-өзүм мен сүйбөй,
Ким күнөөлүү бул сүйүүдө… айтчы?!
Кайырма:
Жаным не кылалы?
Билдирсеңчи оюңду!
Жаным не кылалы?
Же бүттүбү, болдубу?
Мурдагыдай сүйөм деген
Сөздөрүңдү укпадым.
Жакчу эле таң атканда
Таттуу уйкумду бузганың.
Сүйөм сени садага
Жок десең айлам канча.
Айтсаң боло жообуңду мага?
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *