Гүлжигит Сатыбеков — Санат ыры тексти

Көчүрүү (скачать)

Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын,
Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын,
Издеп жүргөн бейишим таманында апанын.
Азаматты эр кылган бата болот турбайбы,
Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы,
Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы.
Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы,
Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы.

Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат,
Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат,
Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат.
Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы,
Агасына иниси жөлөк болот турбайбы.
Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы,
Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы,
Карыганда неберең эрмек болот турбайбы.

Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал,
Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал.
Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал.
Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы,
Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы.
Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы,
Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы.
Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы,
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы.
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы,
Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1252
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти324
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти198
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти112
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти97
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти67
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти66
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти57

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.