Жаныма кубат элең, канат элең,
Өзүңчү эч түгөнгүс санат элең.
Сагындым ал күндөрдү, оо, таене,
Зерикпей жомогуңду айтат элең.
Кайырма:
Таене айтып берчи жомогуңду,
Таене сагындым го кошогуңду.
Теңирден күн-түн тилейт элең,
Жетилер азамат болорумду,
Таене айтып берчи жомогуңду.
Чоңоюп эр-азамат болорумду.
Таенем намысыңа суктанамын,
Кажыбас кайратыңан күч аламын.
Эскерүү айтып күндө досторума,
Өзүңдү өмүр бою туу тутамын
Гүлжигит Сатыбеков — Таенем тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 13829
Чоноюп эр атаман болорумду
Мага бул ыр жагат айабай мен бул ырды тайэне айтып бердим
Чоноюп эр азамат болорумду