Көлдөн чыкса сүзө албаган кайыктай,Көлдөн чыкса жашай албайт балыктай.Мен өзүңсүз элестетсем жашоомду,Сен жок, жаным, какшып калган арыктай.Кайырма:Асманда, асманда ай жалгыз,А жерде, а жерде мен жалгыз.Тагдырым, таалайым табамбы?Айга окшоп мен жалгыз каламбы?Учкан куштар сермелишет асманда,Ырларыбыз кайкып учат ааламда.Мен сен үчүн келген окшойм дүйнөгө,Учуп бара жаткансыймын бассам да.Кайырма
Гүлзинат Суранчиева — Асманда тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 670