Кай жерге конбоюн, кай жерде болбоюн,
Тиленип аманың, тиктеймин жол боюн.
Алдыңда күн болуп, артыңда ай болуп,
Ааламга ачылган, жадыра, мекеним.
Агарган таң болуп, тилеймин эсениң,
Дайыма жанымда жадыра, мекеним! Кыргызстан!
Түн болуп, гүл болуп, түр болуп, үн болуп,
Ай бою, жыл бою, түн бою, күн бою.
Тилеймин эсениң дайыма жанымда,
Жадыра, мекеним! Кыргызстан, Кыргызстан!
Азабың, азабым, арманым жазарым,
Сагынып жашаарым, сагынып жатарым.
Атыңды жүрөккө, жүрөккө сактагам,
Дүйнөгө бир гана сени менен мактанам.
Унутуп мезгилдин уч-түпсүз эсебин,
Атагың арттырып, алгала, мекеним.
Кыргызстан, атыңды жүрөккө, жүрөккө сактагам,
Дүйнөгө бир гана сени менен мактанам.
Унутуп мезгилдин уч-түпсүз эсебин,
Алгала, мекеним Кыргызстан, Кыргызстан!
Угарга санатым, учарга канатым,
Аралайм сен үчүн асман-жер арасын.
Зоболоң зор болсун, балдарың эр болсун,
Келечек кең болсун, бар болгун, мекеним!
Ыйыктын ыйыгы — эртеңиң, кечээгиң,
Серпилтип кылымды, Сен бар бол, мекеним!
Кыргызстан!
Зоболоң зор болсун, балдарың эр болсун,
Келечек кең болсун. Ыйыктын ыйыгы — эртеңиң, кечээгиң. Серпилтип кылымды сен бар бол, мекеним Кыргызстан!
Гүлзинат Суранчиева — Мекеним Кыргызстан тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 159