Оо, адашкан менин периштем,
Кең мейкинде куштай ээликкен.
Неге адаштың, неге жаңылдың,
Неге алдадың мени, неликтен?
Унутулуп айткан сөздөрүң,
Неге мынча сен тез өзгөрдүң?
Башканы сен таап кетипсиң,
Ойноок болчу сенин, сенин көздөрүң.
Кайырма:
Башыңа жоолугуң салынып,
Колуңа шакегиң тагынып.
Кокусунан калдың жолугуп,
Көздөрүңдүн жашын агызып.
Келин жоолугуңду салынып,
Нике шакегиңди тагынып.
Актанбагын эми, актанба,
Көздөрүңдүн жашын агызып.
Сен башкага бекер качыпсың,
Ырыскыңды кумдай чачыпсың.
Табамын деп жеңил турмушту,
Кайгы-муңга белден батыпсың.
Тура бердиң сүйлөй албастан сен,
Элестеттим гүлдү чаң баскан мен.
Билдиң окшойт кандай болорун сен,
Махабатты дүнүйөгө, дүнүйөгө алмашкан.
Кайырма:
Ибрагим Жунусов — Адашкан менин периштем тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 666