Датасы: 14.10.2020
Формат: mp3

Байыркы Ош кандай бир кооз,
Кышында да, жайында.
Карааныңды карай берем,
Мен жөлөнүп кайыңга.
Сулайман тоо, Пайгамбар тоо,
Жаш перидей көркүң бар.
Адам тургай эрип кетет,
Делебеңе тийген кар.
Кайырма:
Бала тилеп, бакыт тилеп,
Канча элдер сыйынат.
Өмүр тилеп, тынчтык тилеп,
Элим кылат зыярат.
Сулайман тоо, Пайгамбар тоо,
Колдоп жүрөт элимди.
Байыркы Ош кандай бир кооз,
Пир тутамын мен сени.
Теребелди туман каптап,
Турса деле сулуусуң.
Үч миң жылдык калкы турган,
Улуулардан улуусуң.
Эртең менен намаз үнү,
Көккө бөлөйт калааны.
Тоодон чыккан күн шооласы,
Кытыгылайт баламды.
Кайырма

Ибрагим Жунусов — Сулайман тоо тексти: 3 комментарий

  1. аслоому Алекуум кандайсыгар иштер суктамын жерим жее сулайман тоо элимде деген ыр жоку А өзү билип жуктоп кой да

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *