Капкара көздөрү, бал ширин сөздөрү,
Жомокто жашаган перидей кыз өзү.
Жамандык, жалган жок, сезимде кири жок,
Жүзүндө нуру бар, журөккө салат чок.
Өрүлгөн чачы бар, көзүндө сүйүү бар,
Өчпөгөн жылдызбы, өрттөнгөн жалын бар.
Ал кызга барсамбы, сырымды ачсамбы.
Же сүйүп, суктанып ачылбай калсамбы.
Кайырма:
Айдагы селки,
Ак куудай пери
Жомокто жалган
Жолуккан ал селки.
Ал кызга суктанып, гүл тартып, ыр жазып
Ай менен жылдыздан коемун кызганып
Өзөндө гүл болсоң жел болуп учамын,
Өмүрдө бир болсоң жаямын кучагым
Тагдырым туш болсо, табышып алайын,
Жамандык, көз тийбес көз мончок тагайын.
Бактыңа узун жол, жашооңдо күлүп жүр
Бир жигит сүйөт деп, сен мени билип жүр
Кайырма: