Датасы: 17.10.2020
Формат: mp3

Таарынбай келчи,
Сүйүктүүм менин
Күтөмүн сени,
Эскерем сенин кылыгың ай
Назданып жүрөсүң ай,
Кыйнаба мени,
Сырлуу түн кечки
Кара көз селки,
Эстедим сени, сүйүктүүм ай
Жалгызым жаркыным ай.
Кайырма:
Убара кылбай мени
Сезчи жүрөктөгү арманымды.
Жүрөгүм сыздап, кыйнап
Кайра, сени эстеп жамалыңды.
Айрылгым келбейт сенден,
Сага, гүлүм терип барамын,
Таарынсаң мага,
Кайра жаным көңүлүңдү аламын.
Арбалчы мага, айтаарым сага,
Сүйүүмдү сындап,
Жанымда жүрчү ардагым ай,
Жанашып жаркыным ай.
Бир келет сүйүү,
Кайрылбайт артка,
Тартынбай кайра,
Жанаша жандап талпыналы
Жаштык кез сүйүү балы.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *