Ысык-Көлүм пейлиң кенен, тоо койнунда төрөлгөм,
Толукшуйсуң күмүш түскө, бермет түскө бөлөнгөн.
Бир кумарым таркабады, таркабады өзүңдөн.
Кучак жайып толкунуңа кетким келбейт жээгиңден.
Кайырма:
Ырыс, бакыт көл жээгинде,
Күлкү, шаттык, жаштык той.
Сен экенсиң кыргызыма,
Жалгыз бүткөн бейиш жай.
Ысык-Көлүм ырдын кени, канча акын ырдаган,
Кылым жолдо өткөндөргө кимди куштар кылбаган.
Күн тийгенде толкундарың күмүш нурун чагылтып
Көркөмүңдү ар күн сайын алмаштырам жаңыртып
Ильяз Андаш — Ысык-Көлүм тексти
Датасы: 11.10.2020 Көрүүлөр: 270
Ова бирок ото зееригиштуу