Датасы: 09.09.2022
Формат: mp3

Кеч кирсе акырын жылдыздар жымырайт
Түн бою ырдашып мукамдуу үн салат
Таң назик жылмайса жашынат баарысы
Өзү жалгыз кала берет
Таң чолпон жылдызым

Кайырма:

Таң чолпон жылдызым
Сен неге жалгызсың
Сырыңды айтчы мага да
Мен да жалгызмын
Таң чолпон жылдызым
Сен неге жалгызсың
Кааласаң узатып сени
Карап турайын

Билемин мен да жалгыздык жарды күн
Жанымда дос болсоң жаңыртып күлөсүң
Мага карап чачын тарап жылмайсаңчы
Таң алдында жалгыз калган
Таң чолпон жылдызым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *