Жол арбытып алыстан тойго келгиле,
Шарпылдаган суулардан кечип өткүлө.
Кунандарды чабышып, жорголорду салышып,
Мелтиреген талаада байгелерди талашып.
Кайырма:
Тойго, тойго келгиле, тойго келгиле,
Оюн-зоокко кошулуп ойноп кеткиле.
Көңүл ачып ар дайым бирге жүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү.
Бийлегиле, жаштар, ай, бийлегиле,
Шапар тээп шаттанып жыргагыла.
Бириңен-бириң калышпай, бийлегиле талыкпай,
Айланада бүт баарың кошулгула тартынбай.
Кайырма:
Обончулар, оболоп ырдагыла,
Булбул болуп баарыңар сайрагыла.
Таза чертип комузду, шаңдуу кошуп добушту,
Күлкү менен, ыр менен көтөрөлү көңүлдү.
Кайырма:
Ирлан Таалайбеков — Тойго келгиле тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 14352
Сонун канга сиңген сонун ыр,,,мелмиреген,деп ырдапсың ошо жерин мелмилдеген же мелтиреген деп оңдоп ырдаш керек
Сонун канга сиңген сонун ыр,,,мелмиреген,деп ырдапсың ошо жерин мелмилдеген же мелтиреген деп оңдоп ырдаш керек