Бейкапар жүргөн кезимде,
Бейпайды салдың сезимге.
Ак жумал жүзүң албырып, ай,
Ар дайым акыл-эсимде.
Өмүргө адам бир келет,
Өмүргө адам бир белек.
Өмүрдүн таттуу күндөрүн, ай,
Өткөрсөк кана биргелеп?
Аттиң ай, мынча кечигип,
Акырын азыр кезигип.
Өңүңдөн сенин, өңүңдөн, ай,
Өкүнүч турду сезилип.
Тапканым асыл аярым,
Талпына берди кыялым.
Кыргыйдай тынбай сага учат, ай,
Кыялды кантип тыямын?
Ката барбы жокпу билелекмин бирок сонун ыр анан да жакшы аткарган.
Жуумал