Датасы: 20.09.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Калыс Жакыпов

Тамчылардан дайра куралган
Чапкан сайын улам чыңалган
Кыргызымдын ар бир жигити
Колундоруна кызыл туу алган

Намыс үчүн туулган баласы
Кыйла жерге жеткен чамасы
Ар бир жигит коргой эл жерин
Коргогондой баатыр Манасы

Жеңилбес кыргыз урпагы
Жергемди коргоп курчады
Аттанса жоого илгертен
Алдында даяр тулпары

Бастырбай жоону душманды
Коргогон бизде баатыр көп
Кыргыздын жерин жоо басса
Жеңилүүгө эч акым жок

Ишке ашты мына бар кыял
Төрүмдө байрагым илинген
Эгемен кыргыз эл болдук
Миң өлүп биз миң тирилген

Жан аябай кыргыз журтумдан
Ар бир жигит алга умтулган
Медер тутуп ар бир баласын
Мекенибиз гүлдөп кулпурга

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *