Датасы: 20.10.2020
Формат: mp3

Баарыбызды бирдей көрүп, күлүп жадырап,
Тарбиялап билим бересиз.
Балалык кез бактылуу болсун деп ар убак,
Талыкпастан эмгектенесиз.
Кайырма:
Алдыбызда келечекти азыртан ойлоп,
Канчалаган азап чегесиз?
Мугалим деген кесиби менен,
Билим берип жашап келесиз.
Бизде болгон кызматыңыз баарынан артык,
Окуп тынбай билим алабыз.
Апабыздай көрүп сизге рахмат айтып,
Арзуу менен сыймыктанабыз.
Кайырма:
Кыйын жолдо күлүп-жайнап чарчадым дебей,
Түйшүктөргө чыдай аласыз.
Билим берип, тарбиялап ар бирибизди,
Адам кылып жолго саласыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *