Датасы: 06.03.2023
Формат: mp3

Таарынбачы жаным мага
Кайгырбачы суранамын
Көз алдымда жашың төгүп
Жан дүйнөмдү кыйнабачы
Сен деп гана жашап келем
Түбөлүккө сүйө берем
Жаным мага таарынбачы
Жүрөгүмдү оорутпачы

Бул ааламда бир дагы зат
Экөөбүздү бөлө албайт
Сага деген тунук сүйүүм
Күндөн күнгө күчөп барат
Таазим кылам тагдырыма
Жолуктурган сага гана
Сени гана сүйүп келем
Бул жашоодо аманымда

Бул жашоодо асылымсың
Тилеп келген бакытымсың
Жаным магаг ишенип кой
Карегимдей кымбатымсың
Кагылайын кара жаным
Сенден көктөм суранамын
Жүрөгүмдүн дартын сезип
Күлүп койчу суранайын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *