Кадалып карегиң кармады,
Кайта албай турам мен айланып.
Тартынып жалындай көзүңдөн,
Айтам деп сөзүмдү айтпадым.
Кайырма:
Кайдасың, азыр сен кайдасың?
Таба албайм жолуңдун айласын.
Кыйналдым жүрөгүм буулугуп,
Кайдасың, жолукчу, азыр сен кайдасың?
Тартамын сүрөтүң элестеп,
Табам деп үмүтүм эч өчпөйт.
Жашоодо жолукчу күн бардыр,
Ошондо айтармын мен эстеп.
Кайырма:
Күнүм бүтпөйт, көңүл түтпөйт,
Издеймин жолуңдун айласын.
Каныкей Акын — Кайдасың? тексти
Датасы: 11.10.2020 Көрүүлөр: 112