Бурулуп, кеткениңде махабаттан,
Буулугуп кусалыгым ичте жаткан.
Жүзүмө изин салып ачуу жаштар,
Булуттун жашы менен жуурулушкан.
Бурганак түшүп турду жан дүйнөмө,
Булуттун арасында жалгыз калып.
Сүйүүмдү арнап алып сүйбөгөнгө,
Сүйүүдөн запкы жедим, алсызданып.
Кайырма:
Себеле ак жамгыр, токтобо,
Сезимдин жалынын жоктобо.
Себеле ак жамгыр, токтобочу,
Жаай берчи ак жамгыр, токтобо.
Жаратпа алыстык ортого,
Жаай берчи ак жамгыр токтобочу.
Түгөнүп турса дагы кыялдарым,
Түнөрүп мен өзүңдү кыя албадым.
Түбөлүк бир өзүңдү сүйүп алып,
Түгөнгүс үмүтүмдү тыя албадым.
Канткенде мен өзүңдү унутамын,
Кайгырып жалгыздыктан жүдөп бүттүм.
Кайрылып келбесиңди билсем дагы,
Карайлап карааныңды күндө күттүм.
Кайырма:
Ооба мага аябагандай жакты
Ооба мага абдан жакты
Ооба мага аябагандай жакты
Отто соонун
Ооба мага аябай жакты
Обааа
Сонун ыр мага жагат
245633
Ок
Анонс мага аябай жагат
Анонс мага бай жагат
Ок дакты