Кемпирдин жети баласы

Досуңуз менен бөлүшүңүз
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Өткөн заманда бечара кемпирдин жети уулу болгон экен. Жети баласынын ар биринин өзүнчө өнерү бар. Күндөрдүн биринде энеси кимисинин енөрү күчтүү экенин сурап калды. Балдарынын ар бири өз өнөрүн кезек меыен айта баштады. Эң улуу баласы: — Мен алпкаракуш асманда торгойдой болуп, көзге араң көрүнсө да атып түшүрөм,— деди.

— Мен жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин билем,— деди экинчиси.
Үчүнчү баласы:
— Мен эки дүйнөде эмне болуп жатканын өз алаканыман карап көре алам,— деди.
Төртүнчүсү:
— Мен дарыя жана деңиздерден көз ачыпжумгуча кеме жасап өтөм, — деди.
— Мен ачка болгон жерде, каалаган тамакты табам, – деп бешинчи баласы айтты.
Алтынчысы:
— Мен дарыя жана дециздерден чуркасам, таманыман чаң чыгат,— деди.
Эң акыркы жетинчиси:
— Мен кокусунан жоо келип калса: «Кара жер жарыл!» десем жарылат; ошентип, элди жоодон аман алып калам,— деп сөздү бүтүрдү.
Энеси балдарынын өнөрүнө аябай кубанды. Бирок кимисинин өнөрү артык экенин чече алган жок. Балдары да ар бири өз өнөрүн мактап, талаштартыш көпкө созулду. Акыры энесинин айтуусу боюнча, Болбос хандын шаарын барып, ошол жерде чындап сынамак болушту.
Жети бала Болбос хандын шаарына кирип, анын ичи ызычуу түшүп жатканын көрүштү. Балдар таң калышып:
— Бул эмне, шаарга душман кирдиби, азыр сурайлычы,— дешти.
Аңгыча бир абышка жолукту. Булар абышкага салам айтып, ызычуунун жайын сурашты. Абышка алик алгандан кийин:
— Ботом, түндө эл жатарда Болбос хандын жалгыз кызы жок. Болбос хан: — Кызымды таап бергиле, эгер таппасаңар баарыңардын башыңарды алам деп коркутуп, эл түп көтөрө дүрбөп жүргөнү ошол. Эми силер да издешкиле,— деди.
Жети бала хандын кызын кантип издеө жолун ойлоп:
— Ой, биз олуя болбосок ал кызды кайдан тапмак элек?— деди бири.
— Сен эмне, макоосуңбу? Энем өнөрүбүздү сураганда, «Жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин билем» дебедиң беле. Кана эми, ал кыз кайда кеткенин билчи!—деп эң улуусу сүйледү.
Берки ейдеылдый карап туруп:
— Асман менен кетиптир, жерде изи жок,— деди. Анда дагы бирөө:
— Энем сураганда, «Эки дүйнөнү алаканыман көрөм» деп айткансың. Кана, көрбейсүңбү?— деди.
Бул бала алаканын ачыпжумуп, үңүлө карап: Тойбос хандын алпкаракушу көтөрүп учуп баратат,— деди.
Муну уккандан кийин, баары чогуу бойдон жүрүп кетишти. Жолдо чоң дарыяга кез болушту. Курсактары аябай ачты. Тамак тапкыч бала өзүнче күбүрөпшыбырап, капкап нан, карынкарын май, үч койду даяр кылды. Балдар нанды майга батырып жеп, койлорду союп жатышты. Кеме жасагыч бала көз ачыпжумгуча кемени жасай салды. Тамакка тойгондон кийин баары кемеге түшүп, Тойбос хандын шаарына жөнөштү.
Тойбос хан Болбос хандын кызын түшүндө көрүп ашык болуп, алпкаракушуна алдырткан экен. Жети бала шаарга жеткенде, колго түшкөн сулуу кырк кыз менен кошо сууга келе жатыптыр. Ушул учурда баягы суунун үстүнөн чуркагыч бала кемеден секирип түшүп, безеленип чуркады эле, чаң асманга сапырылып калды. Көз ачыпжумгуча кыздарга жетип, Болбос хандын кызын көтөрө качып, кемеге алып келип салды. Кеме кайрадан сызды.
Кызды алып кеткенин угуп, Тойбос хан алпкаракушун балдардын артынан жиберди. Алпкаракуш асманга учуп чыгып, анан торгойдой гана болуп көрүнгөндө, мергенчи бала бир көзүн жумуп, шыкаалап туруп атып жиберди; алпкаракуш Тойбос хандын эшигинин так алдына барып түштү. Кемедеги балдар кургакка чыгып, андан ары дагы жөнөштү.
Тойбос хан алпкаракуштун өлгөнүн көрүп: балдардын артынан кеп киши жиберди. Алар жакындап келген кезде, баягы эң кичүү бала: — Жарылгырдын жери, жарыл!—деп кыйкырды. Жер жарыла калып, балдар түбүнө түшүп кетти.. Тойбос хандын аскерлери кайра кайтышты. Аскер башчысы эки колун бооруна алып, Тойбос ханга даттана сүйлөп:
— Таксыр ханым, бул кызды алып кеткен адам эмес, анык эле Азирейил экен, эгер андай болбосо, дарыянын үстүнөн чуркаганда кантип чан, чыгат? Асманда торгойдой болуп керүнгөн алпкаракушту кантип ыргыта атат? Жерди жарып кирип кетүүге кимдин күчү жетет?— деди.
Тойбос хан аскер башчысынын сезүн угуп коркту да, мындан ары бирөөнүн кызына көз артпас үчүн ант берди.
Ж.ер астына кирип кеткен жети бала Болбос хандын так коломтосунан чыгалы дешти. Жер солкулдап, жарака кете баштаганда, шаардагылар аябай коркуп, бүт бойдон тоого качышты.
Жети бала жердин үстүнө чыгып, шаардан бир да кишини таппай калышты. Кызды атасынын үйүнө отургузуп, койду союп, этин казанга салып, от жагышты.
Өз үйүнөн чыккан түтүндү көрүп хан: «Ким барып келет?» деп элинен сурады. Эч киши чыккан жок. Акыры хан атаэнесиз жетим баланы зордук менен жөнөттү.
Жетим бала:
— Өлсө кунсуз, сатса пулсуз менмин, барбасам башымды алат,— деп ичинен сыздап жүрүп отуруп шаарга келди. Хандын үйүн акырын шыкаалап керсө: жети бала казандагы этти кайнатып жатышат. Төрдө Болбос хандын өз кызы отурат. Жетим бала кайрадан чуркап, ханга сүйүнчүлөп келди.
Бол.бос хан элижурту менен келип, кызына учурашты. Кыз жети бала кантип куткарганын атасына айтып берди. Хан жети баланын өнөрүн билгенден кийин, мага кызмат кылгыла деп өтүндү. Балдар хандан «Кимибиздин өнөрүбүз артык — ушуну чечип бериңиз. Ошентсеңиз кызматыңызды кылабыз, болбосо кылбайбыз» деп жооп кайтарышты.
Ошол күндөн ушул күнгө чейин бул жетөөнүн кимисинин өнөрү артык—аны эч адам чече албай жүрөт дейт.

Окшош чыгармалар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *