“Ак кеме” Ч. Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Новый мир” (1970, № 1) журналында, кыргызчасы (1978) “Ала-Тоо” журналынын № 2 санында жарык көргөн. Чыгарманын “Ак кеме” деп аталып калышы жөнүндө жазуучу мындай дейт: “… Мен повестти “Новый мирге” алып барганымда Твардовский (журналдын ошол кездеги башкы редактору) “Жомоктон кийин” деген ат өтө эле жөн салды, кулакка комсоо угулат экен, андыктан башкачараак эле атабайлыбы деп, “Ак кеме” деген атты сунуш кылды” (“Точка присоединения”).

Чыгарманын алгачкы аталышы айтып тургандай повесттин борбордук түйүнү Мүйүздүү Эне жөнүндөгү жомокко барып такалат. Кыргыз элиндеги бугу уруусунун генеалогиясы жөнүндөгү санжыра-легенданын негизинде жазуучу тарабынан жаралган “жаңы” жомок повестте образдар менен жуурулушуп, чыгарманын идеялык-эстетикалык касиетин ачуучу каражат катары колдонулат.

Ernis Kyiazov Youtube каналы

Урматтуу колдонуучулар бул аудиокитеп Ernis Kyiazov Youtube каналы үчүн даярдалган.

Дагы башка жаңы китептерди бул шилтеме аркылуу уксаңыз болот.

Чынгыз Айтматов — Ак-Кеме: 10 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *