Датасы: 03.10.2020
Формат: mp3

Кечигип жылдардын бир жылдарында,
Кезикти сүйүү оту кумарыма.
Сезимсиз ачылбаган бул сүйүүмдү,
Сактадым өмүрүмдүн акырына.
Булуттар арасынан сени издеймин,
Буйруксуз бактым экенин мен билбепмин.
Кечиккен бул сүйүүмө ишене албай,
Махабат көлүнө мен чөгүп келдим.
Буйругу бөлөк болуп турса дагы,
Буулугуп сени издейми ай-жылдары.
Тагдырдын тамашасы арсыз тура,
Таалайга жазып койгон бакыт мына.
Кайырма:
Эки жаш дарак болуп бийик өссө,
Эгиздей кол кармашып өмүр сүрсө.
Жарашып турса жашы бактысы да,
Эки жаш өтмөк эмес өкүнүчтө…
Кайырма:

Кенже Көбөкова — Кечиккен сүйүү тексти: 25 комментарий

      1. Мен ушул ырды комуз менен олло ырдагым келет эле…АЗЫР комуз менен жакшы ырдайм.Мага абдан жагат ❤

  1. Бул ыр менин жашоомо окшош тура. Мен да чыныгы суйууго эми жолуктум. Бирок бирге боло албайбыз

  2. Убакыттын отушу менен ырдын манисин тушуно баштайт экенбизда мурда укчу эмесмин азыр тушунуп уга баштадым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *