Датасы: 12.10.2020
Формат: mp3

Кылымды санап мөл даңкы,
Жайлатып ойду төр даңкы.
Ааламда мындай ажайып,
Соң-Көлдөй бермет көл, көл барбы?
Жыргалга толгон өрүшү,
Ырахат жанга бериши.
Табият көркү — кең Соң-Көл,
Ак Мөөр — кыргыз элдин периси.
Кыялдай көрктү талашкан,
Кыялың буудан таң ашкан.
Тамшантып адам пендесин,
Соң-Көлгө Ак Мөөр жарашкан.
Соң-Көлдө көңүл турмушу,
Соң-Көлдө Мөөр нур кызы.
Соолубас көлдөй нурданган,
Соң-Көлдө сүйүү, өмүр жылдызы.
Суурулуп өмүр мүрөгү,
Сулуулук сүйүү жүрөгү.
Ак Мөөр өскөн бейиш жер,
Арзышкан жаштар билеби?
Жалындуу жаштык өмүрдөй,
Жанбаган кумар көңүлдөй.
Кылымдар турат айкашып,
Ак Мөөр менен Соң-Көл бөлүнбөй.
Жыргалга толгон өрүшү,
Ырахат жанга бериши.
Табият көркү — кең Соң-Көл,
Ак Мөөр — кыргыз периси.
Жыргалга толгон өрүшү,
Ырахат жанга бериши.
Табият көркү — кең Соң-Көл,
Таттыбүбү — кыргыз элдин периси.

Один комментарий к “Лира Райымбекова — Ак Мөөр — кыргыз периси тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *