Датасы: 30.09.2020
Формат: mp3

Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
Каалабадым сенден бөлөк, башканы.
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.
Кайырма:
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.
Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
Көңүл толуп тең келбеди өзүңө.
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
Тагдыр сени энчилептир өзүмө.
Кайырма:
Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү,
Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.
Кайырма:

Кенже Көбөкова — Кечирип кой тексти: 39 комментарий

    1. Соз жок эжеке сизден ката таба албайбызго эн сонун болуптур сиздин ырларынызды калдырбай угам анча мынча кечелерде ырдап да койом ишинизге ийгилик

  1. Мен озум жетимишке чыктым анан тойго эмне ырдайм деп ушул ыр жакшы деп жаттадым Байзак менен Кенженин ундору окшош экен

  2. Бул ыр кайсыл жылы чыккан толук маалымат берип коюнузчу сураныч Кенже ырдаган Баягыдай суйчу кайра деген ыры

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *