Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы,
Каалабадым сенден бөлөк, башканы.
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн,
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы.
Кайырма:
Баягыңдай күлчү кайра,
Бажырайып жүрчү кайра.
Баягыңдай эч кайгырбай,
Баягыңдай сүйчү кайра.
Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө,
Көңүл толуп тең келбеди өзүңө.
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп,
Тагдыр сени энчилептир өзүмө.
Кайырма:
Кабыл албай кээде айткан сөзүңдү,
Канча жолу капа кылдым өзүңдү.
Кечир, жаным, суранарым, кечирсең,
Эгер чындап сүйөр болсоң өзүмдү.
Кайырма:
Мага жакты
Жакты соонун
сонун, ишиңизге ийгилик
Абдан жагат
Эң сонун азаматсың
Мага жакты
Эн жакшы во мага жагат
Кенже кобокова тойго чакыруу жонотсом номерде кайсы болду экен
Ооба соонун
Эн кенже эжэ унунузго береке соонун
Супер
Ушул ыр менен жашайм гоо бассам турсам сооон аткаруу болгон