Датасы: 02.10.2020
Формат: mp3

Сен болсоң тоонун улары,
Мен болсом аккан булагы.
Булактан улар суу ичсе,
Таркайбы жандын кумары?
Жаз айы, жамгыр төккөндө,
Жаз айы, сулуу көктөмдө,
Элжиреп кетти жүрөгүм,
Алгачкы жолу өпкөндө.
Сен болсоң көлдүн кайыгы,
Мен болсом анын балыгы.
Кайыкка балык жанашса,
Болбостур анын айыбы.
Узасаң болду алыска,
Жарасаң болду намыска.
Сүзмөдөй аппак жүзүңдөн,
Өптүрүп койчу карызга,
Сүйдүрүп койчу карызга.

Кенже Көбөкова — Сагыныч тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *